Menu

Чубак ажы Жалилов: “Ал келин кетээри менен кабинетиме кирип алып ыйладым”

Бөлүшүү:

“Бир күнү бир келин муфтиятта иштеп жатканымда келип мага мындай суроо берди:
-Мен 5 убак намаз окуюн десем, күйөөм катуу каршылык көрсөтөт. Бирок күйөөмдү капа кылып албайын деп ваннага кирип сууну агызып коюп, ванна ичинде тар жерде намазымды окуйм. Намазымды окуп бүтүп, чачымды суулап, сүлгү менен оронуп чыгам. Бир күндө 5 жолу ушинтип күйөөмдү алдап келем. Ушул намазым жарайбы жарабайбы?
Мен жооп бере албай калдым!. Ал келин кетээри менен кабинетиме кирип алып ыйладым. Бир чети өкүнүп ыйласам бир чети кубанып ыйладым
– Ушундай Кудайдан чын ыкластан корккон аялдар Кыргызстанда бар экенине кубанып ыйладым.
-Кыргызда да ушундай чын ыкластан күйөөсүн сыйлаган аялдар бар экенине кубанып ыйладым..
Мен ишенем мына ушундай аялдардан гана кыргызды башкаруучу элине чын ыкластан күйүп кызмат кылуучу эл лидерлери төрөлүшүнө ! !
Эстен чыгарбайлы ар бир курч, атактуу эркектин артында аял жөлөп турат…”

Шейх Чубак ажы Жалилов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: