Menu

Видео – Өзбекстанда “президенттин белегин” кайтаргысы келбеген аял өзүнө кол салды

Бөлүшүү:

Маргилан шаарында жергиликтүү аткаминерлердин аракетине нааразы болгон аял өзүн өлтүрүүгө аракет жасады. 42 жаштагы Дилором Мамированын өмүрүн коңшулары араң аман сактап калды.

Суицид аракети 12-февралда болгон. Жергиликтүү аткаминерлер Мамировадан президент берген турак-жай үчүн ижара акы төлөөнү талап кылышкан. Буга байланыштуу ал асынып өлүүнү чечкен

– Биз коңшулар менен карта ойноп жатканбыз. Бул аял чылым сатат. Мен тамеки сатып алуу үчүн анын эшигин кактым. Бирок эч ким жооп берген жок. Эшикти түрттүм эле, ачылып кетти. Карасам Дилором трубага асынып калыптыр, бирок тыбырчылап жаткан экен. Мен аны бутунан өйдө көтөрүп, коңшуларды чакырдым. Биз арканды кесип, аны сактап калдык. Анан “тез жардам” чакырдык, – деди кошунасы.

Дилоромдун айтымында, бир ай мурун шаар акимчилиги “президенттин сыйлыгы” катары 88 кембагал үй-бүлөгө Маргиландагы экономика колледжинин мурдагы имаратынан бирден бөлмө берген. Бирок бир нече күн мурун жергиликтүү чиновниктер батир үчүн ижара төлөөнү талап кылышкан. Аял буга каршылык көрсөтүү үчүн ушундай кадамга барганын билдирди.

– Алар мага: «Эгер үч айга ижара төлөбөсөң, батириңди тартып алабыз дешти. Мен эч жерде иштебейм, балдарым да жок. Көчөдө калганча, өлгөн жакшы. Эмне үчүн бийлик бизди алдайт? – деди Дилором Мамирова.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн турак-жай 2017-жылы 26-декабрда берилген. Ал күнү шаар акимчилиги ар бир бөлмөнү жумшак эмерек жана тиричилик техникалары, төшөнчүлөр менен камсыздаган. Бирок видеорепортаж жасалгандан кийин баарын кайра акимчиликке алып кетишкен.

https://www.youtube.com/watch?v=ek2daiMbJr0&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: