Menu

Кадыров менен Карыбеков №1 тергөө абагына которулду

Бөлүшүү:

Абакта ачкачылык кармап жаткан үч саясатчынын экөө – Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков Бишкектеги №1 тергөө абагына которулду. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын расмий өкүлү Александр Никсдорф “Азаттыкка” билдирди.

Никсдорф муну Бишкек шаардык сотунун чечими күчүнө киргени менен түшүндүрдү. “Андан ары алар жазасын өтөө үчүн кайра дагы башка колонияларга бөлүштүрүлөт” дейт ал.

Ал эми Бектур Асанов болсо ден соолугуна байланыштуу дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу үчүн №47 колонияда кармалууда.

Камактагылардын адвокаты Марс Кыдыкбаев болсо ачкачылык кармаган үч саясатчыны үч башка колонияга бөлүп камоо аракети жүрүп жатканын айтып, муну алардын жакындарынын нааразылыктарын ар кайсы жакка чачыратуу деп түшүндүрдү. Ал ошондой эле аталган колонияларда саясатчыларга “каралар” тарабынан ар кандай ыдыктар көрсөтүлүшү мүмкүн дейт.

Үч саясатчынын ата-энелери жана жакындары аларды бүгүн эртең менен абакка киргизүүнү талап кылып №47 колониянын алдына чогулушкан. Аларга уруксат берилген-берилбегени азырынча белгисиз.

“УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан кетсин” жана “соттор адилет чечим чыгарсын” деген талаптар менен камактагы Бектур Асанов 30-январдан, Карыбеков 31-январдан, Кадыров 1-февралдан бери “кургак ачкачылык” кармай баштаган. Алар “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деп 2016-жылы камалган. Сот Асанов менен Карыбековду 12 жылга, Кадыровду 20 жылга түрмөгө кескен.

Бектур Асановдун адвокаты анын абалы оорлой баштаганын айтууда. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абактагы саясатчылар дарыгерлердин көзөмөлүндө, саламаттыгы канааттандырарлык экенин билдирип келет. Кубанычбек Кадыров дүйшөмбүдөн тартып суу иче баштаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: