Menu

ЖЭБдеги кризис: Кыштын сыноосунан кулаган өкмөт ишенимден тайды

Бөлүшүү:

Кыргызстанды 26-30-январда өтө катуу тоңголок суук каптап өттү. Ал эми сууктун так башталышы менен 26-январда Бишкек ЖЭБинде (ТЭЦ – теплоэлектроцентрали) авария болуп, бир катар буу казандар иштен чыкты, аларга катар суу түтүктөрү да биринин артынан кийинкиси жарылып кирди. Бишкектин көп кабаттуу үйлөрүнүн тургундары кыш чилденин эң суук күндөрүндө сууктун кучагында калышты. Мындай суук Кыргызстанда өтө сейрек болчу – 1969-жылы -31,9оС жетсе, 2007-жылы -19,2оС болгон. Бул жолу Бишкек шаарында -24оС көрсөтсө, тоолуу райондордо -40-45оС градустук суук каптады. Сыртта аяз кычырап турганда батирлердин ичиндеги температура +10-15 градустан өйдө көтөрүлө албай койду.

Жер тамдарда жашап, көмүр-кык жагып жан баккан айыл калкы суукту тоотпогону менен Бишкектин тургундары бул жолу катуу жабыркады. “Күтүүсүз” кирип келген суукка даярдыгы жок өкмөт менен ЖЭБдеги “өлгөндүн үстүнө көмгөндөй” болгон аварияга бир топ абдаарып калгандай болду.

Калк “ЖЭБ былтыр эле ири суммадагы каражатка реконструкциядан өтпөдү беле?” деген суроону туш-тараптан жаадырып киришти. Расмий бийлик тараптан жарытылуу жооп болбогондуктан адистер менен эксперттер ЖЭБдин реконструкциясы менен ага коротулган каражаттын тагдыры тууралуу билген маалыматтары менен бөлүшүп жатышты. Маалым болгондой, кытайлардын 386 млн доллар насыясына Бишкек ЖЭБинин 30% гана жаңыланган, аларды долбоордон кийинки тейлөө үчүн 200 кытай адистери атайын шарттардын негизинде жашап, иштеп жатышат. Кытай адистеринин маянасына эле 3 млн доллар коротулат, аларга деп долбоордун каражатына 1,5 миң кишилик атайын шаарча курулган, суу, ток, жылытуу чыгымдары ЖЭБдин мойнуна илинген. Кытайлардын “жоомарттыгынан” улам алынган 386 млн $ жыйырма жылдык үстөк пайыздарын кошкондо 500 млн $ болуп кайтарылат. Бул долбоордо да бийликтин шалаакылыгы менен жемкорлукка кокосунан малынган ач көздүгүн көргөн элдин кыжыры ашып-ташты. Бирок көчөдөгү алаамат суук элдин каарын үйдөн сыртка чыгара койбой, тосмолоп калды окшойт. Айласы куруган жарандардын өз өкмөтүнө болгон ишеними төмөн кулап, “карманаарга тал таппай” кайсалап эле отуруп калды.

ЖЭБ куруунун чыгымдары кандай?

Ары-бери көз жүгүртүп, биздикиндей курулуштарга назар салып көрдүк. Салыштыра келгенде сарпталган каражаттын көлөмү менен жумуштун чалагайымдыгы боюнча Кыргызстан “өзгөчөлөнүп” турса, аткарылган иштердин көлөмү менен сапаттуулугу боюнча коңшулар алдыга озду. Баса белгилеп коюш керек, Казакстан менен Арменияда жылуулук станцияларынын курулушу жерпайын түптөөдөн баштап, ачкычына чейинки жумушту камтыган. Ал эми Тажикстанда ЖЭБдин реконструкциясынан тышкары 2 ири подстанция менен электр өткөргүч линия да курулган.

Курулган объекттер Кубаттуулугу Коротулган каражат Куруучу компания
Кыргызстан. Бишкек ЖЭБи. Реконструкция 30%. 300 мегаватт 386 млн $ ТВЕА (Кытай)
Казакстан. Талдыкоргон ЖЭБи. Жаңы курулуш. 300 мегаватт 360 млн $ ТОО “General Generation”
Тажикстан. Дүйшөмбү ЖЭБ-2. Реконструкция. 300 мегаватт 349 млн $ ТВЕА (Кытай)
Армения. Ереван ЖЭБи. Жаңы курулуш. 250 мегаватт 285 млн $ RENCO (Италия)

ЖЭБдин реконструкциясы башынан эле түшүнүксүз жагдайда башталып, элде, адистерде түмөн-түркүн суроолорду туудурган болчу. Долбоордун асман-айды чапчыган суммасын кытайдын ТВЕА компаниясы эч кандай техникалык-экономикалык негиздемеси, так эсеп-чоту жок эле болжолдоп туруп түзүп койгону, бул компаниянын карыз берген тараптын талабы менен тендерсиз эле тандалып алынышы көп  айтылган. Бирок ошого карабай жогору жактагы көрүнбөгөн колдор өз билгенин кылып, реконструкцияны жүргүзүп, акыры 2017-жылдын жайында бүттү-бүттү кылышкан. Президент А.Атамбаев өзү барып, лентасын кесип, “Мындай курулуш биздин эгемендигибизди бекемдеп, инвесторлор үчүн кенен жол ачат”, – деп ага катар ушул курулуштан да кемтик таап чыгып сындагандарды адатынча жемеге алган. Бирок көп узабай эле дайын болгондой, бул жерде акылы ордунда ар бир адам кыргыз бийлигинин шалаакылыгынан баштап, Ак үйдүн жетинчи кабатындагы укмуштуудай жемкорлуктун элесин даана көрүп турушат. Жаны кашайган эл алты жылын ашмалтайын чыгара “башкарган” мурунку президент А.Атамбаевди, ошо кездеги премьер Ж.Сатыбалдиевди, шектүү акчалар жыттанган ар бир иште кулагы тикчийип турган С.Исаковду баш кылып элдин убалынан коркпогон жеп-жутар чиновниктерди каргап-шилеп отурушат. А аткаминерлер болсо баягы адаты менен элдин башын тумандатып, ЖЭБдеги майда-барат чабактарды жазалоо менен суудан кургак чыгууга аракеттенишүүдө.

ЖЭБсиз жашоого болобу?

Өнүккөн бир катар мамлекеттерди карап көрсөк, биздегидей (дегеле постсоветтик мамлекеттердегидей) болуп борборлоштурулган жылуулук берүүчү системасы жок эле жашап келишет.

Германияда ар бир көп батирлүү үй өзүнүн электр, газ менен иштеген автономдуу жылытуучу жабдыгы менен жылынып алат. Ар бир батир өзүнө керектүү жылуулукту өз алдынча жөнгө салып алса болот, канча иштетсең аягында ошончо төлөй бер. Немистер зал үчүн +20, ваннада +22, уктоочу бөлмөдө +16-18оС температура жетиштүү деп эсептешет. Жакында Германияда жаңы пайдаланууга берилген үйлөр мындан ары керектөөчү энергиясынын бир бөлүгүн жаңыланма энергия булактарынан алууну милдеттендирген мыйзам кабыл алынган.

Жапониянын Хоккайдо префектурасынан башка аймактарында борбордук жылытуу системасы жок. Баары эле электр кондиционерлери, мештери менен өздөрүн өздөрү жылытып алышат. Жапондордо электр килеми кеңири колдонулат, алардын жылуулугун каалагандай өлчөмгө коюп алса болот. Ошондой эле, Күнчыгыш өлкөсүндө котацу – бетинде жылуулук берүүчү жабдыгы бар, одеяло менен жабылган столду колдонушат. Котацу биздин сандалдын жапончо варианты.

Британияда үйдү жылытуунун ыңгайлуу жолу катары каминди пайдаланышат. Каминде бойлер, газ жабдыгы орнотулган, ар ким капчыгына жараша иштетет. Англистер туалет менен ваннада жылуулук +10оС ашпашы керек деп эсептешет.

Францияда борборлоштурулган жылуулук түшүнүгү таптакыр жок. Бул өлкөдө жылуулуктун эки түрү бар: жалпы үйдү жылытуу же жекече батирди жылытуу. Биринчисинде жылуулук үйдүн башкармалыгы тарабынан башкарылат. Ал эми экинчи вариантында француздардын ваннасында, туалетинде же ашканасында ысык сууну жөнгө салган электр же газ жабдыгы орнотулган. Ошол жабдыкка жылуулук батареялары туташтырылган.

Финляндияда үйлөр жылуулукту жер астынан алышат, анткени 200 метр тереңдикте жылуулук +10о чейин жетет, а финн аскалары болсо жайкы ысыкты өзүнө сиңирип алып, кышында берип турган “радиатор” катары белгилүү. Финндер үйлөрүнө өзгөчө жабдыкты – жылуулук насосун орнотуп алышат. Алар электр энергиясын 30% үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.

Ал эми табигый жылуу булактарга бай Исландия жер энергиясын натыйжалуу колдонуу жолдорун табышкан. Исландияда суу кайнап турган булактарды (гейзерлерди) жылуулук берүүчү система катары пайдаланышат. Өлкөнүн 90% үйлөрүн ушундай жол менен жылытышат. Мындан тышкары, өлкөнүн энергиялык керектөөсүнүн 26 %ы жалпы суммасы 800 МВт кубаттулукту түзгөн беш геотермалдык энергетикалык станциялары камсыздайт. Геотермалдык электростанция – жер алдындагы жылуулук булактарынан (гейзерлерден) энергия өндүрүп берген электр станция. Геотермалдык энергия – Жердин табигый жылуулугунан алынган энергия, мындай энергияны насостор, скважиналар аркылуу алышат.

ЖЭБ кризиси “жашыл” энергияга жол ачабы?

Улуу Черчилль өз учурунда “кандай кризис болбосун – ал жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн башаты” – деп айткан экен. Анын сыңарындай, быйылкы кыштагы алаамат суук менен ага туруштук бере албай иштен чыккан ЖЭБдеги кризис Кыргызстанда энергетикалык өндүрүштүн башка нукка бурулушу, эскирген инфраструктурага атаандашкан инновациялык жолдордун өр тартышына ыңгайлуу шарт түзүп берчүдөй болуп турат.

Буга чейин айтыла берип көнүмүш болуп калган, бирок күндөлүк тириликте бары-жогу байкалбаган суудан, күндөн, шамалдан, жадагалса көң менен акыр-чикирден алынуучу энергиянын жаңыланма булактары тууралуу коомчулукта көбүрөөк айтыла баштады. Мамлекетти энергетикалык камсыздоодо энергиянын жаңыланма булактары алдыңкы планга чыгарууну талап кылышууда.

Кыргызстандын күн, шамал сыяктуу табияттын энергия булактарына бай экендигине карабай, бүгүнкү күндө биз энергиянын жаңыланма булактарынын 1 %ына гана жетпеген ресурсун  пайдаланат экенбиз. Адистер Кыргызстанда кичи ГЭСтер менен күн нурунан энергия өндүргөн генераторлорду куруу келечектүү экенин белгилеп келишет. Европада энергиянын жаңыланма булактарын пайдалануу кеңири жайылган. Германия колдонгон жалпы энергиянын 20% энергиянын жаңыланма булактарынан алат. Немистер бул көрсөткүчтү 2050-жылга чейин 80% жеткирүүнү пландоодо. RenewableUK соода ассоциациясынын отчету боюнча Улуу Британиянын энергетикага болгон жалпы керектөөсүнүн 23% шамал станциялары камсыздайт. Ал эми шамал энергиясы Даниянын колдонгон энергиясынын 42% түзөт (2015-ж көрсөткүч).

Энергиянын жаңыланма булактарынан алынган токтун баасы кымбат болот деген биздин чиновниктердин шылтоолорун Европанын мисалы жокко чыгарат. Европанын айрым мамлекеттеринде учурда энергиянын жаңыланма булактарынан алынган 1 кВт токтун баасы 2 центтен ашпайт. Эл аралык жаңыланма энергетика агенттигинин (IRENA) доклады боюнча жогорудагы нарк 2025-жылга карата дагы 26-59% төмөндөйт.

Ал эми Бишкек ЖЭБинин кычыроон суукта жарактан чыгышы “Бизде ЖЭБ-2 да бар эмеспи?” – деген суроону жандантты. Союз кезинде курулган ЖЭБ-2 ушу кезге чейин иштебей турат. Маалыматтар боюнча, анын жабдуулары, тетиктери, түтүктөрү таланып-тонолуп, карамагындагы жер аянты да жер баскынчыларына берилип кеткен. Көп жылдардан бери ЖЭБ-2ни кайра жандантуу боюнча инвестициялык долбоорун сунуштап келаткан инженер Владимир Рыжков аны жогору жактагылардан эч ким укпай коюшканын, бийлик мыкчыгерлеринин эшигин жырта берип чарчаганын, долбоор “Кыргызпатентте” чаң басып жатканын айтат. Анын долбоору боюнча ЖЭБди алда-канча арзан жана сапаттуу бүтүрүү боюнча эсеп-чоттору, терең анализдери иштелип чыккан.

Ал эми 4 күндүк сууктун сыноосуна туруштук бере албай чалынган өкмөтүбүз адатынча кагынып алып кете береби же жаңы жол издейби?

Кубатбек АЙБАШОВ

Булак: Параграф 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: