Menu

“Параграф”: Эл өкүлү Камчыбек, Камчыкеге айтам кеп…

Бөлүшүү:

Акыркы убакта массалык маалымат каражаттарынын бетинен Жогорку Кеңештин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын катарынан чыгарылып салынган Камчыбек Жолдошбаевдин өтө эле “уялчаактыгы” жөнүндө байма-бай макалалар, ой-пикирлер жарыяланып калды. Бул жарыктык кишинин кээ бир “балп” эттирген сөздөрүн угуп отуруп, 120 депутатыбыздын баарын медициналык кароодон тез аранын ичинде өткөрүү керек деген ойго айласыз жетеленет экенсиң. Антпесе, К.Жолдошбаевге окшоп, соонун тамагын ичип, жиндинин сөзүн сүйлөгөн айрым эл өкүлдөрүн Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрүнө эмес, өзүнүн эле кесиптеши секирип өтөм деген чарбагына дагы жолотпош керектей сезилет. Кандай гана  интервью бербесин, бул эргулубуз сөз арасында бирөөнүн жарасын чукуп,  ички турмушуна аралашып, өзүн апендинин кызындай кылып мактап албаса, көңүлү жай таппайт окшойт. Кесиптештеринин жөө баскандарынан уялгандын ордуна, Кыргызстандын тышкы карызы 5 миллиардды чапчыганынан, эл башкаргандарыбыздын мамлекеттин чөнтөгү менен өз чөнтөктөрүн алмаштырып алгандын кесепетинен ЖЭБдин иши токтоп калып, Бишкек шаарынын тургундарынын бир жума тоңуп калганынан, жол кырсыктарынан мекендештерибиздин бөөдө ажал таап, кырылып жаткандыгынан, куураган оокаттын айынан кыргызымдын кымча бел кыздарынын кытайларга, түрктөргө токол болуп күн кечирип жаткандыктарынан,  миңдеген мекендештерибиздин дүйнөнүн төрт бурчунда оор турмуштун айынан каңгып жүргөндөрүнөн, миңдеген мигранттарыбыздын үй-бүлөлөрү көз көрүнөө талкаланып жаткандыгынан, кыздарыбыздын сойку болуп көчөдө жүргөндөрүнөн, таштандыда калып жаткан кыргызымдын наристелеринен, карылар үйүндө каңгып калган ата-апаларыбыздын акыбалынан уялса жарашмак.

Макала берсе эле мактаган Камчыкенин кыздары деле атасынан алыс кетпегендей. Дегенибиз “ата даңкы менен кыз өтөт болуп” учурда Гулниза жана Наргиза аттуу кыздары чынында эле бизнестин “битин” сыгып жаткан учурлары экен. Жолдошбаевдерге тиешелүү болгон “Беш-Сары” соода борборунда   коомдук фонд деп ачып алган микрокредиттик “Центр-Кредит-Бизнес” агенттигин Камчыкемдин бир кызы Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна жетектейт экен. Карайлап “там” сүзүп жүргөндөргө жылына 30% менен насыя берип, ырасында эле Камчыкемдин капчыгынын кампайышына кам көрүп жүрүшүптүр. Ошол эле учурда, таянган тоолору күчтүүлүгүнөнбү, же башка дагы биз билбеген сырлары барбы, эмнегедир бул микрокредиттик агенттиктен  насыя алгандардын дээрлик көпчүлүгү алган насыяларын убагында төлөй алышпай, үйсүз калып жатышыптыр.

Жакшы адамдын жүзү болоор жаркылдаган,

Жакшы адамга сөз калбайт го айтылбаган.

Бүркүттүн жумурткасын салсаң дагы,

Каргадан карга туулаар каркылдаган, – дегендей эле Камычыкемдин кыздары деле “оройлук” жагынан аталарынан ашса ашып, кем калчудай эмес экен. 30 %ына чыдай албай очоюп калгандардын  үйлөрүн алып коюп жатышканы жөнүндө редакциябызга келген жарандарыбыз төкпөй-чачпай айтып берип отурушту. Жакында эле ушундай бир кардарынын боюнда бар экендигине карабай, кыштын ызгаарында үйлөрүн алып, өздөрүн көчөгө кууп чыгышыптыр. Шаарыбыздын Ленин районуна караштуу Орок жаңы конушунан, Л.Толстой көчөсүнөн, Биринчи май районуна караштуу Фатьянова көчөсүнөн, Октябрь районуна караштуу  Майрам көчөсүнөн  кардарларынын үйлөрүн кыштын чилдесинде электр жарыктарын өчүртүшүп, ээлерин эшикке түртүп салышкандарын дагы кулагыбыз чалып калды.

Ушундай урматтуу “уялчаак” эл өкүлү! Азырынча кыздарынын кылыктары жөнүндө аңгемебизди  токтото туралы. Адатынча “андай эмес, мындай” деп Камчыке камчысын ала чуркаса, биздеги бар маалыматтарды астына жайып, гезитибиздин төрүнөн орун берүүгө даярбыз. Ага деле болбой атырыла берсе, эмне кылабыз, айла жок Мотуевге кайрылууга мажбур болсок керек…

Абай Аргынов

Булак: “Параграф”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: