Menu

Кочкордо абал тынч эмес

Бөлүшүү:

Жакында редакциябыздын кат куржунуна келип түшкөн каттын изи менен биздин кабарчылар “Нурсат-Т” юридикалык компаниясынын юристтери менен биргеликте  Кочкор районундагы Семиз-Бел айыл аймагында жайгашкан А.Бостонов атындагы орто мектебинин жамааты менен жолугушуп кайтышты. Бул жолугушууда аталган мектептин жамаатынын койгон талаптарын угуп отуруп, район, облус дэңгээлиндеги чочоңдогон чоңдорубуздун өздөрү ээлеген кызматтарына болгон мамилелери көз алдыбыздан чубалып өтүп жатты.

Мектептин жамааты 2017-жылдын 1-февралына чейин Кочкор районундагы эмгектенгендерге кошулуп келген 20% райондук коэффицент жана тоолуу жерде жашайт деген негизде айлык алып келишкен. Анан  “жылаан чакпай, жылкы теппей” туруп эле 2016-жылдын 25-ноябрында ошол кездеги Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеп турган Н.Ибраева айымдын №335 буйругу пайда болот. Бул буйрук “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.06.1997-жылдагы №337 токтомун аткаруу жөнүндө” деп аталганы менен журналисттик иликтөө учурунда бул буйруктун “жылаңач”, “чийки” экендиги аныкталды. Дегенибиз, жогорку инстанциялардан (бул жерде Билим берүү министрлиги. ред.), көзөмөл органы иретинде прокуратурадан (предписание), болбоду эле дегенде Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынан эскертүү келбегенден кийин “чабал” өрдөктүн ролун ойногон райондук билим берүү башчысынын милдетин аткарып жаткан жетекчинин “жеңил” чыгарып салган буйругун түшүнө албай турдук. Бул буйруктун тегерегинде, “бул буйруктун “төрөлүшүнө” эмне себеп болду, 25-ноябрь 2016-жылы чыккан буйрук эмнеге 1-февраль 2017-жылдан баштап аткарыла баштады?” деген суроолор оголе көп болгондугуна байланыштуу, жооптуу журналисттик иликтөөбүздүн жыйынтыгынын негизинде берүүнү туура деп таптык.

Мектеп жамааты айыл өкмөтүнүн башчысынан тартып, район, облус, республика жетекчилеринин баарына кайрылып, маселелери чечилбей, ара жолдо калганын бир ооздон айтып беришти. Будамайланган буйрук мектепте иштегендердин айлыгын 30-40%га азайткан. Мектепте 30-35 жыл иштеген стажы менен беш миң сомдун тегерегинде айлык алып жаткан мугалимдердин арыз-арманын угуп отуруп, Билим берүү министрлигиндеги, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигиндеги чоңдорубуздун, район, облус жетекчилеринин, “башы оорубагандын кудай менен иши жок” акыбалында экендигине толук көзүбүз жеткендей болду. Эмнегедир Кочкор районуна караштуу бардык мектептердеги эмгектенгендер 20% райондук коэффицентти жана тоолуу жерде жашайт деген негизде тиешелүү эмгек маяналарын алып жатышса, Семиз-Бел айылындагы А.Бостонов атындагы мектеп жамаатынын акыбалы биз үчүн түшүнүксүз болуп турду. Ошол эле учурда аталган мектептин тажрыйбалуу мугалимдери менен жаш кадрлардын дагы мындай маянага чыдай алышпай, башка аймактарга которулуп кетип жатышканына жолугушуу учурунда күбө болдук.

Учурдагы Кочкор районундагы Семиз-Бел аймагында жайгашкан А.Бостонов атындагы орто мектебинин жамаатынын кайрылуусунун негизинде журналисттик иликтөө жүргүзүп көрүүнү эп көрдүк. Кызыктар алдыда окшойт. Күтө туралы…

Абай Аргынов

Булак: “Параграф” гезити

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: