Menu

Москванын жана Санкт-Петербургдун госпиталдарына жарадар аскерлер жайгашууда

Бөлүшүү:

Мындай маалыматты Рейтер агенттиги үч булакка таянып таратты. Орусиялык дарыгердин агенттикке маалымдаганы боюнча, 100гө чамалуу аскер өткөн жумада Сирияда АКШнын аба соккусунан набыт болгон.

Ал эми аскерлердин айрымдарын тааныган булак өлгөндөрдүн саны 80ден ашканын айткан. Дагы бир маалымат боюнча, Сириядан чыгарылып кеткен жарадар аскерлер Орусиядагы госпиталдарга жайгаштырылган. Алар Красногорск шаарындагы Вишневский атындагы госпитал, Москвадагы Бурденко жана Санкт-Петербургдагы аскер-медициналык академиясынын ооруканасы.

Москва аскер госпиталында Сириядан эвакуацияланган жоокерлерди дарылоого катышкан дарыгердин сөзү боюнча, жарадар аскерлер Москвага өткөн жума күнү жана бул аптанын дүйшөмбү күндөрү үч учак менен алып келинген. Аларды атайын жабдылган аскер-медициналык учак менен жеткиришкен.

Рейтердин журналисттерине госпиталдарга кирүүгө уруксат берилген эмес.

7-февралда Сириянын Дейр-эз-Зор провинциясында АКШ аба чабуулун жасап, президент Асаддын күчтөрүнө сокку урган. Орусиянын расмийлери бул чабуулда орусиялык беш киши өлгөнүн, бирок алардын орус куралдуу күчтөрүнө тиешеси жоктугун билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: