Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпинди ай календары боюнча Жаңы жыл менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди ай календары боюнча Жаңы жыл – Жаз майрамы менен куттуктады.

“Реформа жана ачык саясат жүргүзгөн 40 жылдын аралыгында Кытай чындыгында эле жалпы дүйнөнүн өнүгүшүнө таасирин тийгизген укмуштуудай ийгиликтерге жетишти.

Бүгүн Сиздердин өлкө  тездетилген социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жолунда ишенимдүү баратат,  регионалдык жана эл аралык иштерде, ошондой эле глобалдуу проблемаларды чечүүдө маанилүү роль ойноп жатат. Мындай ийгиликке, албетте, Сиздин жетекчилигиңиз алдында Кытайдын жүргүзгөн  акылман жана көрөгөч саясаты өбөлгө болууда.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн бийик деңгээлин белгилеп кетүү кубанычтуу. Эки тараптуу диалог өнүгүп жатат, саясый өз ара ишеним бекемдеп, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда байланыштар кеңейүүдө, ошондой эле коопсуздук чөйрөсүндө тыгыз өз ара аракеттенишүү жүзөгө ашырылууда. Өлкөлөрүбүз регионалдык жана эл аралык форматтарда жигердүү кызматташып жатат”, -деп белгиленет Президент Сооронбай Жээнбековдун  куттуктоо телеграммасында.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: