“Аккан арыктан суу агат” дегендей кыргыздын физик окумуштууларынын бири, улуттук университеттин физика факультетин көп жылдар бою декан катары башкарып келген Ташмырза Айтмырзаевдин уулу Нурлан Айтмырзаев Кыргыз-түрк “Манас” университетинин студенттерине тышкы саясат боюнча англис тилинде лекция окуй баштады.
Нурлан Айтмырзаев буга чейин Кыргызстандын Пакистандагы элчиси, КР Тышкы иштер министринин орун басары, КР Дипломатиялык академиясынын ректору сыяктуу белдүү кызматтарды аркалап келген.
Адатта Кыргызстандын “кыйын” деген окутуучулары лекцияны орусча окушат. Ал эми акыркы жылдарда кыргызда да Нурлан Айтмырзаев сыяктуу студенттерге англис тилинде, болгондо да дүйнөлүк тышкы саясат боюнча дарс окуган окутуучулар көбөйүп баратканы көздү сүйүндүрөт.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ