Menu

Садагасы абайласаңчы – Дастан Бекешов, ЖК депутаты: «Сөз эркиндигин чектөө деген оюма да келбейт»

Бөлүшүү:

— Дастан мырза, коомчулуктун баарын дүрбөлөңгө салып, социалдык желелерде жазылган сынга 20 миң айып салган мыйзам долбоорун кайдан токуй калдыңыз?.

— Бул эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү жалган маалымат же болбосо адамдын ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген маалымат таратканда сотко бирөө кайрылса, сот кайсыл тартиптин негизинде соттой алат деп жазылган. Бул мыйзам жалпы эле интернет желелеринен сырткары гезит-журнал, теле-радиолорго, мындайча айтканда жалпы массалык маалымат каражаттарына тиешелүү болот. Жарандык кодексте кандайдыр бир адамдын ар-намысына тийген маалымат таратылса, ушул эле тартип менен тергөө болуш керек деп жазылган. Бул жарандык кодекс 1996-жылы жазылган. Ал мезгилдерде заманбап технологиялар көп болгон эмес. Интернет булактары дээрлик жок эле да. Ошондуктан мен детализацияны коюп жатам. Бул боюнча эле бизде Жогорку Соттун токтому бар. Жогорку Соттун токтомунда деле ушундай эле тартип жазылган. Бирок менин жеке пикиримде мыйзамга киргизүү шарт. Себеп дегенде райондук соттор Жогорку Соттун токтомун билишпейт экен. Бул мыйзам эмес, жөн гана жогорку соттун токтому деп айтышат.

— Сиз даярдап жаткан долбоор биротоло сөз эркиндигин муунтканга жол ачып берет го?

— Жаңылышасыз, баары эле сөз эркиндигине тыюу салып жатат деп кыйкырып жатпайбы. Эмне үчүн Жогорку Сот ошол токтомду кабыл алып жаткан мезгилде маселе көтөргөн жок. Мен эч кандай жаңылыкты киргизген жерим жок. Мыйзам долбоорунун экинчи бөлүгү жыйырма миң сом штраф деп айтып жатышпайбы, штраф деген жарандык кодексте жок. Жыйырма миң сом бул моралдык компенсациялоонун минималдык өлчөмү. Ал эми арыздануучу киши андан төмөн көрсөтсө анда сот ошондой эле баа менен чечилет. Экинчи бөлүктү алып салса деле болот, аны проблема кылбаш керек. Бул жерде моралдык компенсацияны кенен караш керек да. ДТП учурунда моралдык компенсация болушу мүмкүн. Бирөө бирөөнү сабап кетсе, ошол жерде моралдык компенсациялоо болушу шарт. Мисалы, орган кызматкери бирөөнү мыйзамсыз түрдө түрмөгө олтургузганда жабырлануучу сотко кайрылышы мүмкүн да, мамлекеттен моралдык компенсацияны сурашка укугу бар. Биз ал сумма жыйырма миң сомдон төмөн болбош керек деп жатабыз.

— Сын-пикир жазылат да интернет желелеринде. Сизди кесиптешиңиз Момбеков “дүжүр” деп сындап, элдин алдында намысыңызды тебеледи да. Ошондо ар-намысыңызды коргоого неге аракет кылган жоксуз?

— Эми мындай, түшүнүш керек да. Кесиптешим аны сын-пикир катары айтты. Сын-пикирди сотто кантип пайдаланасың. Эгерде кимдир бирөө сенин же үй-бүлөңдүн аброюна шек келтирген болсо, же болбосо куру жалаа жаап, жок жерден ушактаса гана сотко кайрылса туура болот.

— Сын-пикирди көтөрө албай, мени каралап жатат деген чиновниктер толуп кетпедиби. Алар ким сын жазып койсо сотко берип сүйрөп эле жатып калышат экен да?

— Менин оюмча андай болбойт. Жогорку Соттун токтому учурда деле иштеп жатат. Аны мыйзамдаштыруу керек. Сын пикирлерге эч кандай чектөөлөр жок. Ал жөнүндө сөз да кылган эмесмин. Чектөө коюу туура эмес болуп калат. Учурда көпчүлүк туура эмес түшүнүп, менин үстүмдөн ар кандай сын пикир айтып, жазып жатышат. Замандаштардын антип түшүнүп калышына чындыгында айрым журналисттер күнөөлүү. Мен ошол мыйзам долбоорун чыгарганда “Кактус медиа” деген жалган маалымат тараткан. Муну атайын кылышкан. Себеби мен алар менен жолукканда, баарын түшүндүрүп айткам.

— Бул мыйзам тууралуу кээ бир кесиптештериңиз ачык эле каршы чыгып жатышпайбы?

— Ар бир депутаттын өз көз карашы болууга тийиш. Менин долбоорумду колдоп жаткан кесиптештерим деле бар. Эң негизгиси жалган-жалаа менен күрөшүүбүз керек. Көтөрүп жаткан идеям, эл ичинде жалган маалыматтарды таратса жооп бериш керек деген гана. Сөз эркиндигин чектөө деген оюма да келбейт.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: