Menu

Талант Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Өмүрбек Чиркешович: “көп нерсени байкабай жүргөн экенмин, мен өзгөрдүм, көз карашым өзгөрдү” деди»

Бөлүшүү:

— Талант мырза, сиз укук коргоо тарабын жакшы билесиз да. Ал жакта кандай абал түзүлгөнүнөн кабарыңыз бар. Президент да “коррупция менен күрөшчү органдар өздөрү коррупцияга малынып алган” деп айтты. Сизде күч структураларын, айрыкча прокуратурадагы коррупциялык абалды жакшыртса болот деген сунуш барбы?

— Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү маселеси көп эле айтылып келет. Коррупция менен күрөшүү аракеттери жасалат. Бирок анчейин натыйжасын бербейт. Эмне үчүн натыйжасын бербейт дегенде, биздин мамлекеттик подход туура эмес экени көрүнөт. Анткени коррупцияга жол берилбеш үчүн мамлекеттик кызматкерлерди камсыз кылуудан башташ керек. Элдин чөнтөгүнө, мамлекеттик казынага колун салбаш үчүн кызматкерлердин эмгек маянасын татыктуу кылып көтөрүп берүү зарыл. Себеп дегенде минималдык орточо айлык 10 миң сомду түзүп жатпайбы. Айыл жергесиндегини айтпай эле коёюн. Алыскы аймактардагы мугалимдер, милиция кызматкерлери он миңдин тегерегинде маяна алышат. Маянаны алган соң эгер эки баласы болсо, эки бала бакчага төлөп коёт да, тирилик үчүн калган каражатты кайдан табуу керек? Анан айла жоктон булар жетпеген акча каражаттарды кимдир бирөөнүн эсебинен чыгарып алат. Биздин мамлекет кай жактан кошумча каражат таап жатасың деп сурабайт. Биздин мамлекеттин эң чоң катасы ошол. Сураш керек, талапты күчөтүү зарыл. Участковый же жөнөкөй врачтан сен он беш миң сом айлык алсаң, бала бакчага төлөйсүң, калган каражатты кай жактан алып жатасың деп сурай турган болсок, жоопту алабыз да. Негизи мамлекет реалдуу шартты түзүп берип туруп андан соң жесең, ичсең, пара алсаң, ордуң түрмөдө деш керек. Бүгүнкү коррупция менен кармалган кызматкерлердин баары жөнөкөй ГАИден баштап, мугалимдер. Алар мамлекетте жалгыз коррупционерлер эмес. Алар болгону орусча айткан “неповезло” болгондор. Ошондуктан азыркы жол аркылуу коррупция менен эффективдүү күрөшүүгө болот деп айтууга болбойт. Шарт түзүп берген соң, коррупцияга жол берип жатасың деп жумуштан четтетип, өмүр бою өзү тургай жакындарын да мамлекеттик кызматка жолобой турган мыйзам чыгарыш керек. Бирок, шарт түзүп бериш үчүн акча каражат жетиштүү болушу кажет. Качан биздин мамлекеттин экономикасы көтөрүлгөндө, качан биз завод, фабрикаларды курганда, айыл чарбасын өстүрүп, жумуш орунду түзгөндө гана ошондой шарт түзө алабыз. Ушул күнгө чейин канча жумуш орун түздүк? Дагы жакшы жарандарыбыз чет өлкөдө жүрүп акча каражатын таап келип жатышат. Эгер сырттан акча таап келүү болбосо бир топ кыйынчылыктар жаралмак. Ошону моюнга алуубуз керек. Кыргызстандын келечегин ойлосок, маселени чечүүдө оппозиция, позиция болуп бөлүнбөстөн же болбосо партия- партия болуп тирешпестен, бир ойдун, бир максаттын тегерегинде биригишибиз зарыл. Ошондо гана биз маселени туура чечебиз.

— Абакта кургак ачкачылык жарыялап жаткан оппозиция лидерлери менен жолугуп чыктыңыз. Кезинде сиз дагы ал жактагы абалды көргөнсүз. Ачкачылык жарыялаган саясатчыларды көргөнү барганда, сизге да сот тарабынан мыйзамсыз өкүм чыкканын эстедиңизби?

— Ачкачылык жарыялаган саясатчылар такыр тамак ичпей жатышыптыр. Жашырынып тамак жеп жатыптыр деген сөз туура эмес деп айтышты. Тамак жебеген оппозиция лидерлерин учурда дарылоо жолдору менен кармап турушуптур. Үчөө менен тең жолуктук. Соттор далилсиз чечим чыгарып жаткандарын айтышты. Алардын эң негизги нааразы болгон жери, сотто акыркы сөз бербей туруп эле чечим чыгарып салганы болгон экен. Соттордун кылган кылыгын кандай деп түшүнсө болот, биз эле эмес, башка адамдардын дагы укуктары тебеленип, мыйзамдуулук жок экенин көрсөтүп жатпайбы деп күйүштү. Өмүрбек Чиркешовичке да жолугуп келдим. Ал киши дагы мыйзамсыз иш аракеттер болуп жатканын айтты.

— Талант мырза, кечиресиз, азыркы саясатчылар абакка жата элек кезинде деле бул мыйзамсыздыктарга жол берилип келген да. Керек болсо учурунда өз башыңыздан да көп нерселер өтпөдүбү?

— Туура. Андай нерселер бар. Бирок ар бир адам өз башынан өткөндө гана билет да. Өмүрбек Чиркешович: “Мен көп нерсени байкабай жүргөн экенмин. Бул өтө чоң мектеп экен, мен өзгөрдүм, көз карашым өзгөрдү. Бул жер тажрыйба алуу үчүн чоң мектеп экен” деп айтты. Чынында эле ошондой. Саясаттын кайнап жатканын сырттан карап турсаң гана кемчиликтер сезилет. Көз караштарың өзгөрөт. Көз караш качан өзгөрөт, адамдын ички дүйнөсү өзгөргөндө гана.

Суроо салган Альбина Калыкова

Булак: Жаңы Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: