Menu

Качкын Булатов, укук коргоочу: «Сооронбай Шариповичти ушул күнгө чейин эч ким адилетсиздик, коррупция боюнча айыптай элек»

Бөлүшүү:

— Качкын мырза, жакынкы учурда Сооронбай Жээнбековдун президенттикке келгенине 100 күн болгону турат. Буга байланыштуу коомдо өзгөрүүлөрдү сезе алдыңызбы?

— Оозеки айтылган нерселерди эске албаганда, ички саясат боюнча эчтеке сезиле элек. Шайлоочулар менен жолугушуу учурунда президенттикке талапкер Жээнбековдун берген убадаларынын аткарылышын эл күтүп жатат. Бул жерде баса белгилеп кетчү нерсе бар. Ал да болсо Атамбаевдин соңку жылдардагы жеке мүнөзүнүн кесепетинен калтырып кеткен ыйманына байланышкан “мурастары”: Каримовго өлүм тилеп акаарат келтирүү, Назарбаевге орунсуз жерден асыла коём деп, Кыргызстан элин кепке кемтик кылып, азапка батып, жабыр тарткандыгы, жакпагагандардын баарын маскаралап сүйлөө жана башка көп нерселер. Ал эми тышкы саясат боюнча өзгөрүүлөр байкалгансыйт: Орусия, Өзбекстан жана Казакстан менен кырдаал жакшыра баштады. Биздин президент өзбек президенти Мирзиёевден үлгү алса туура болгудай. Өз учурунда Андропов бийлик башына келгенде улуу держава болуп эсептелген СССРде бир айда тартип орноткон, Мирзиёев президенттик кызматка келген соң, өзбек коомчулугундагы позитивдүү өзгөрүүлөр бир ай өтүп-өтпөй байкала баштады.

— Биздин президентибиз да Мирзиёев сыяктуу эле премьер-министрликтен келбедиби?

— Туп-туура. Болгон айырма — ​Шавкат 13 жыл премьер-министрдин вазийпасын аркалап, Каримовдун катаал мектебинен сабырдуулук менен тажрыйба топтоп жүрүп отуруп келди. Сооронбай Шарипович эки жылдай Өкмөт башчысы болуп отуруп, анан келди. Мындан улам айтайын дегеним — ​Мирамоновичтин стажы 5–6 эсе жогору болгону менен, Өзбекстандын масштабы бардык тармактар боюнча бизден 5–6 эсе көп болуп жаткандыгын эске алсак, бул айырма деле эмес.

— Мирзиёев өлкөнүн абактарында жаткан 60 миңге жакын кишинин 7 миңине азаттык берди. Алардын ичинде Каримов режиминин каарына калган саясатчылар, журналисттер, маданият, дин ишмерлери, бизнесмендер бар… Ушундай эле багыттагы аракеттерди Соооронбай Жээнбеков да жасаса болобу?

— Албетте, болот. Бирок, бул үчүн президент Жээнбековго белгилүү бир убакыт керек. Бирок, буга карата дагы бир “бирок” бар экендиги көрүнүп турат. Бул, менимче, Атамбаевдин шайлоо алдындагы өзүнүн антидемократиялык көз караштарын таңуулап, аны көптөгөн негативдүү нерселерге милдеттендирип койгондой деп ойлойм. Аталган маселе, биринчи кезекте, саясий куугунтуктун негизинде айыпталган жана түрмөгө отургузулган адамдардын тагдырына байланышкан. Алардын дээрлик бардыгына Атамбаев тарабынан саясий жалаа жабылып, абакта отурушат. Бул багытта, Атамбаев Жээнбековго президенттик тажыны убада кылып жатып, өзүнүн саясий душмандарын бошотпоо убадасын алгандай…

— Дагы кандай убадаларды алган болушу мүмкүн?

— Менсиз эч кандай саясий, кадрдык чечимдерди кабыл албайсың деген…

— Мисалы?

— Мисалга алсак, Атамбаевге Сооронбай Жээнбеков өзүнүн чү дегендеги эле жарлыгы менен “Кыргыз Республикасынын Эл баатыры” деген наамды ыйгарды. Тактап айтканда, ыйгарууга мажбур болду. Муну жаңы президент эскиге өз демилгеси менен берген жок. Фаридди аппарат башчысы кылгының деди. Жээнбеков айласыздан “куп болот” деди, эски адатын карматып. Эски жаңыны жылдыра бастырбай, кекиртегинен тешип байлап алгандыгын элдин баары көрүп-билип турат. Атамбаевди элге жаман көрсөткөн “акылмандардын” бири, бийликтин кадырын кетирүүгө жакындан салым кошкон дал мына ушул Фарид экендигин ким билбейт? Фаридди кетирмейинче Сооронбай Жээнбековдун жолу ачылбайт.

— Сиз тээ Майрамдын доорунда да, Жаныш менен Максимдин доорунда да, Шоопур менен Фариддин доорунда да официалдуу бийликке каршы чыгып, дайыма сындап келдиңиз…

— Керек болсо Жээнбековго да каршы сын айтууга даярмын. Бирок сындайт экен деп эле асыла бербей, жаңы бийликтин жакшы жактарын да байкоого, керек болсо колдой да билүүгө тийишпиз. Мамлекекттик башкаруу ишинин белгилүү бир деңгээлдеги тажрыйбасы Сооронбай Жээнбековдо да бар. Ал губернатор, премьер-министр болуп кызмат өтөгөн кезде далай тажрыйба топтогондугу талашсыз. Жаңы кызматта ошол тажрыйбаны өз аракеттеринин натыйжасын жакшыртуу үчүн колдоноорунда шек жок. Анын үстүнө мамлекетти башкаруунун дүйнөлүк тажрыйбасы деген нерсе да бар эмеспи…

— Дүйнөлүк тажрыйба деп дүңгүрөтө сүйлөбөй эле, кошуна өзбек туугандардагы позитивдүү жаңылыктарды колдонсок да болот го?

— Сөзсүз. Мисалы, Мирзиёев өзбек коомундагы өнүгүүгө чоң тоскоол болуп келаткан жагдай катары өзүнө чейинки өлкөдөгү укук коргоо, көзөмөлдөө, сот органдарын чырмап алган коррупцияны алсыратуудан иш баштады. Мисалы, СНБ жетекчисин, анын орун басарларын, облустук катмарларынын бир катар жетекчилерин, ИИМ жетекчисин, анын орун басарларын, коргоо министрин, салык кызматынын жетекчисин жана башка колу булганган жогорку номенклатурадагыларды ээлеген 200гө жакын булганган үлкөн аткаминерлерди кызматтарынан кетирди жана алардын көпчүлүгүнө карата кылмыш ишин козготууга жетише алды.

— Жаңы президентибиздин буга духу жетер бекен? Мекенчилдик позициясын айтып жатам…

— Фаридге окшогондорду токтоосуз кетирип, өз командасына акыл-эстүү, билимдүү, таза, тартипке көнгөн жана чечкиндүү адистерди топтой алса, тазаланууга, өлкөдө тартип орнотууга, өнүгүүгө зарыл шарт түзүлөт деп ишенемин. Президент Жээнбеков мындай чараларга барууга милдеттүү. Себеби, ал да Шаке сыяктуу эле өкмөттү жетектеп турган кезинде ыңгайын күтүп, кадрдык кескин чараларды кабыл алууга тымызын даярданып келген болууга тийиш.

— Бул жерде саясий эрк керек деңизчи?

— Албетте. Саясий эрк болмоюн эч ким президент боло албайт. Мирзиёевдин президенттикке отургандыгына 15 ай болду. Ал эми Жээнбековго үч ай болуп баратат. Ага карабастан, биздин президентибиз өткөн жумада өткөргөн кеңешмеде сүйлөгөн сөзүндө күч катмарларынын жетекчилеринин ишмердигин кескин сынга алып, “УКМК, милиция, прокуратура, сот органдары коррупциянын сазына батып калгандыгын” баса белгиледи. Коррупция менен күрөшүүгө Жээнбеков эрки жетээрин айтты. Мунун өзүн аталган тармактарды тазалоого карата берилген буйрук деп түшүнсөк болот. Ошол эле учурда бул нерсени Жээнбековдун президент катарында Атамбаевге карата айткан алгачкы кескин сыны деп түшүнсөк — ​жаңылыштык болбойт.

— Демек, кадрдык тазалоо иштери башталып, таза, жогорку профессионалдуу жетекчилер келет турбайбы?

— Мезгилдин талабы — ​президенттин максаты мына ушул болуп жатпайбы. Антпесе, өмүрүндө тергөө протоколун көрбөгөн Салянова, Жолдубаева баш прокурор болушуп, прокуратура органдарынын ишмердигинин натыйжасын жакшыртмак түгүл, баары теңирден тескери кетти. Мисалы, башкы прокуратура жетекчилиги коомчулуктун көзүн боёп: “мамлекеттеги эң коррупциялашкан тармак — ​бул ГАИ” деп, анын кызматкери алган 20 сомун бетке кармайт. Ал баш прокурор эми бир сугунганда 200 миң доллар алып кармалган өзүнүн оң колу болуп эсептелген Арпачиевди коррупционер деп атагысы келбейт… Сооронбай Жээнбеков бекеринен катуу сын-пикирин айтып жаткан жери жок. Жогорку кызматтагы жетекчилердин көбү эчтекеден коркпой калышты. Коррупциялык кылмыш жасагандарга карата кылмыш жоопкерчилигинин эң жогорку чарасы катары өлүм жазасын калыбына келтирбесек болбой калды. Азыр өлкөдө иш жүзүндө эл менен жемкорлуктун ортосунда согуш токтобой жүрүп жатат. Ал эми согуш учурунда мамлекетке, элге чыккынчылык кылгандар токтоосуз атылган.

— Бул жаатта дүйнөлүк практикада мисалдар барбы?

— Бар эмей. Соңку эки жылга жетпеген убакытта Түштүк Кореяда президенттин бир тууган тайкеси, коргоо министри жана башка ондогон жогорку номенклатурадагылар коррупция боюнча айыпталып, өлүм жазасына өкүм кылынды. Кытайда болсо кээ бир чоң шаардын мэрлери, бир топ миллионерлер, миллиардерлер, жогорку чиндеги полиция, прокуратура, сот өкүлдөрү коррупцияга байланышкан оор кылмыштары үчүн стадиондо — ​эл алдында өлтүрүлгөндүгүн интернеттен көрүп жатпайбызбы. Бул жааттагы кылмыштар боюнча Кытайда акыркы 2 жыл ичинде 13 миң жогорку даражалуу чиновниктер, өзгөчө оор кылмыштарды жасагандар, наркобарондор атылды же иньекция жолу менен өлтүрүлдү. Кытайда баңгизатка байланышкан кылмыш менен кармалып, 2017-жылы апрель айында өлүмгө өкүм кылынган кыргыз жараны, 34 жаштагы 3 баланын энеси Б. Гүлүмкандын тагдыры да буга далил. Иньекция аркылуу өлтүрүлүп, 1,5 айдан кийин шордуу аялдын сөөгү Кыргызстанга жеткирилгендигин элдин баары билди.

— Сейрек болсо да практика көрсөткөндөй, соттолуучу атылып кеткен соң, чыныгы кылмышкер табылган учурлар чыгып калсачы?

— Ошондуктан, өлүм жазасын, биринчи кезекте, коррупцияга баткан укук коргоо, көзөмөл, сот органдарынын өкүлдөрүнө жана жетекчилерине, депутаттарга, жогорку номенклатурага колдонуу керек.

— Учурда Кыргызстандын ар кайсы түрмөлөрүндө саясий куугунтук боюнча жаткандар кылмыш кылгандыгы үчүн эмес, Атамбаевдин кылмыштарын ашкерелегендиктери үчүн кесилишкен. Азыр кошуна Өзбекстанда да өз учурунда Каримов режимине каршы чыгып, абакка салынып, алардын тирүү калгандары азаттыкка чыгарылууда. Бизде да прогрессивдүү күчтөрдүн башкы душманы бийликтен кетти. Буга чейин баарын көрүп, билип келген Жээнбеков Ө. Текебаев, С. Жапаров, Б. Асанов ж. б. саясий туткундарды азаттыкка чыгарышы мүмкүнбү?

— Эгер жаңы бийлик чындап коррупцияга каршы күрөштү баштоону, адам укуктарын чындап камсыз кылууну каалап турган болсо, чыгарууга тийиш. Себеби, жогоруда аты аталган жана аталбаган саясий туткундар конкреттүү кылмыштары үчүн эмес, бийликтин зомбулугуна каршы күрөшкөндүктөрү үчүн ак жерден жалаага кабылышып, зынданга ташталды. Өзүңөр эле ойлоп көргүлөчү: Маевский “берген” 1 миллион доллар Текебаевдин чөнтөгүнөн табылдыбы? Корккон биринчи болуп кол көтөрөт дегендей, Атамбаев бийлигине салып, сотторго буйрук берип, душманын түрмөгө жапсам кутулам деп ойлосо керек. Белизгейт, ДачаСУ жана башка 7-кабат түздөн-түз аралашкан каргашалар боюнча Текебаев Алмазды өлүм коркунучун элестеткен импичментке апкелип такап койбоду беле… Натыйжада Текебаев абакка жабылды.

Ошол эле Садыр Жапаровду алалы. Бийликтин тукуруусу менен СИЗОдо Атамбаев аны киллер-тергөөчүлөрдүн жана киллер-соттордун колу менен жалаага тукуруп, көп жылга укугунан ажыраттырды. Анын “кылмыш ишинде” негизги жана жападан-жалгыз жабырлануучу деп табылган Капатагаев: “Жапаров мени барымтага алдырган эмес, мени өлтүрөм деген эмес…” деп кайра-кайра какшап айтып жатса да, сот аны процесске киргизбөөгө аракеттенип, жалган көрсөтмөлөр менен 11,5 жылга кестирди.

— Саясий куугунтукка алынып, Атамбаевдин зынданына жабылгандардын тагдыры жакын арада оң жагына чечилет деп ойлойсузбу?

— Кыргыз коомчулугу сыяктуу эле менин да, тээ 37-жылдарда орун алган, соңку тарыхта Атамбаев бийлиги жол берген репрессиянын курмандыгы болгон 30дан ашуун ак жерден күйгөн азаматтарыбыздын тагдырын азыркы бийлик калыстыкка салып, оң чечет деген үмүтүм чоң.

— Президентибиз тарабынан жогорку трибунадан коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн зарылдыгы тууралуу айтылган ураанды коомчулук колдоого алат деп ойлойсузбу?

— Сооронбай Жээнбеков тарабынан өткөн жумада айтылган бул кескин сын-пикир карапайым эл тарабынан туура, зарыл нерсе катары кабыл алынууда. Муну мен өзүм да колдоп чыгууга даярмын Өкүнүчтүү жери — ​Президент коррупциянын сазына баткан УКМКанын, ИИМдин, Прокуратуранын, соттордун жооптуу кызматкерлерин жок дегенде 1–2 пайызына катуу чараларды көрүп туруп, анан кийин гана жогоруудагы күжүрмөн ураанды жарыя кылса өтүмдүү болмок. Эсиңерде болсо, тээ Майрамдын доорунда — ​2000-жылдын июнь айындагы Акүйдө өткөрүлгөн кеңешмеде — ​Акаевдин да “соттордун 80 пайызына эл ишенбейт” деп “чоң ачылыш” жасаганы менен, бир да соттун башынан бир тал чачы түшкөн эмес да… Азыркы соттор өз милдеттерин чайкоочулукка айландырып, сатылгандарынын саны 80 эмес, 800 пайыздан да ашып кеткендей. Анысы аз келгенсип, “киллер-сот” дегендердин пайда болгондорун кантесиң… Киллерлердин үйү күйөр учур алыс эмес.

— Атамбаев кайра саясатка келет деген каңшаар бар…

— Атамбаев соңку 3 жылда мөөнөтүм бүтсө, эс алам, чарчадым деп далай жолу айткандарына коомчулук күбө. Бирок, андан ар нерсени күтсө болот. Ал убадасынан танып, саясатка кайта турган болсо, коом жабыр тартаарында шек жок.

— Адилеттик деп, адам укугу деп далай жолу камалгандыгыңызды, далай жолу укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан баш-көзүңүз жарыла сабалып, тиштериңиз сындырылгандыгын коомчулук билет. Дагы кандай айтар сөзүңүз, каалооңуз бар?

— Андай нерселер көп жолу баштан өтпөдүбү. Өзүңдүн деле далай жолу башыңдан өттү го. Биз, өзүбүздү мекенчил деп эсептей турган болсок, Сооронбай Жээнбековду ар тараптан колдоого тийишпиз. Жээнбеков адилеттүү, таза жана ишкердик менен саясат жүргүзүүгө тийиш. Жакшы жери — ​Сооронбай Шариповичти ушул күнгө чейин эч ким адилетсиздик, коррупция боюнча айыптай элек. Мындан ары да ошондой эле болот деген үмүт бар. Ал Атамбаевден кескин айырмаланып, иш билги жетекчи — ​агрардык тармактын мыкты адиси.

Аңгемелешкен Номанжан АРКАБАЕВ

Булак: Жаңы Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: