Menu

Координациялык кеңеште 2018-жылдын 21-22-февраль күндөрүндөгү парламент жыйындарынын күн тартибинин долбоорлору бекитилди

Бөлүшүү:

Төрага Дастанбек Жумабеков башында турган Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши кечээ, 16-февралда парламенттин 2018-жылдын 21-22- февраль күндөрүндөгү жыйындарынын күн тартибинин долбоорлорун бекитти.

Жогорку Кеңеш 21-февралда “Кыргыз Республикасынын Административдик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “Экологиялык коопсуздук жаатындагы КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана башка мыйзам долбоорлорун кароону пландаштырды. Ошону менен катар бул күнү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу боюнча КР Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат угулат.

Ал эми 15-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлорун карашмакчы. Мындан сырткары, 22-февралдагы парламент жыйынында бир катар эл аралык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорлору талкууланмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 88 = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: