Menu

КР ЖК Төрагасы Д.Жумабеков Өзбекстан Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Төрагасы Н.Исмоиловду дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгы менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Төрагасы Нурдинжон Исмоиловго куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

Анда мындай деп айтылат:

“Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнүн 25-жылдыгына байланыштуу Сизди жана Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын бардык мүчөлөрүн чын дилимден куттуктайм!

Тарыхый тамыры бир эки элдин достук мамилеси ар тараптуу алакалардын негизинде, анын ичинде парламенттер аралык байланыштар аркылуу өнүгүп жаткандыгын канааттануу менен белгилегим келет.

Парламенттик дипломатия мамлекеттер аралык эки жана көп тараптуу кызматташтыкты арттырып, келечек муундарыбыздын жаркын жашоосу үчүн түбөлүккө уланышына өбөлгө болоруна ишенем.

Айрыкча Сиз менен болгон тыгыз байланышыбыздын натыйжасында өз ара түшүнүшүүнүн жана өнөктөштүктүн шартында өнүгөт деп ойлойм.

Учурдан пайданып, Сизге бекем ден-соолук, бакубат жашоо жана жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишиңизге зор ийгиликтерди каалайм! Ал эми боордош Өзбекстан элине тынчтык жана өнүгүү тилейм!”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: