Menu

Тил тагдырын ойлогон депутат

Бөлүшүү:

Кечээ, тагыраагы 14-февралда Жогорку Кеңеште жарнак жөнүндө мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү демилгесин көтөрүп чыккандарды депутаттар сынга алды. Алсак, “кыргыз деп келгем дүйнөгө, кыргыз деп өтөм дүйнөдөн” деген ураан менен жашаган эл өкүлү Рыскелди Момбеков аларга бир топ сындарды айтып ыңгайсыздантты. Ал өз сөзүндө борборубуздагы көрнөк-жарнактардын 90 пайызы орус, англис тилдеринде болуп жатканына нааразы болду. Тилге болгон кыянаттыктын жеткен чеги эгемендүүлүк алгандан кийин башталганын, бардык соода түйүндөр, кафе-ресторандар чет тилде аталып калганын, эгемендүүлүк алганча тилге болгон камкордук кыйла жогору болгонун айтты. Мисалга алсак, “Манас” эл аралык аэропорту, “Ала-Too” аянты, “Аккула” ат майданы, “Айчүрөк” борбордук дүкөнү дагы ж.б. Эгемендик алгандан кийин мындай башаламандыкты эч кимиси көзөмөлгө албаганын, тиешелүү мыйзамдар сакталбаганын айтып, улутубуздун уңгусу болгон тилибизге жасалып жаткан мындай кыянаттыкты токтотууну талап кылды.

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: