Кечээ, 17-февралдын кечинде Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти КР ТИМдин нотасына жооп кайтарып, 15-февралдан 16-февралга караган түнү жүргүзүлгөн аткезчиликке каршы укук коргоо органдарынын атайын операциясы учурунда КР Жогорку Кеңешинин депутаты Асылбек уулу Дамирдин жана жалпысынан 4 кыргыз жаранынын кармалгандыгын тастыктады. Бул тууралу маалымат КР ТИМдин расмий сайтына жарыяланды.
Жогорку Кеңештеги КСДПнын клону болгон “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Асылбек уулу Дамир Казакстандын Генералдык прокуратурасынын көзөмөлүндө өткөн атайын кызматтардын бажы тармагындагы мыйзам бузуулардын алдын-алуу боюнча атайын операцияда аткезчилик менен шектелип абакка алынган.
Казакстандын улуттук коопсуздук кызматы менен Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук бюросу уюштурган атайын операция Казакстандын 3 облусунда жана Алматы шаарында ишке ашырылган. Натыйжада кылмыштарга шектелип, 29 жаран кармалган. Алардын ичинде бажычылар, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, брокерлер, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана КР Жогорку Кеңешинин депутаты Асылбек уулу Дамир болгон.
Эсиңиздерге сала кетсек, Казакстан 2017-жылдын октябрында кыргыз бийлигин кытай товарларын аткезчилик менен евразиялык экономикалык союзга өткөрүп жатат деп айыптап, кыргыз-казак чек арасын жапкан. Ал кездеги президент Алмаз Атамбаев бул айыптоолорду четке кагып, кайра казак тарапты күнөөлөгөн. Бирок Казакстан качан гана кыргыз өкмөтү аткезчиликти токтотобуз деген макулдашууга кол коюп бергенден кийин гана чек арасын ачкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ