Menu

Жол кырсыгынан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жусубали Исаев кайтыш болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-февралдын түнүндө, болжол менен 00.30дар чамасында Баткен районунун Рават айылында болгон автокырсыктан КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Жусубали Исаев кайтыш болду.

Экс-депутаттын “Рендж Ровер” машинасын Э.Д. аттуу өзүнүн шоопуру айдап бараткан. Туман басып тургандыктан жол четинде токтоп турган оор жүк ташуучу КАМАЗды байкабай сүзүп алышкан. Натыйжада экс-депутат Жусубали Исаев ошол жерде жан берип, экинчи жүргүнчү А.Р. оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу жеңил-желпи жаракаттар менен аман калган.

Жусубали Исаев 1955-жылы 10-февралда Тажикстандын Шураб шаарында туулган. Эр жеткенден кийин Баткен облусунун жол курулуш ишканаларында жетекчилик кызматтарды аркалаган.

2007-2010-жылдары “Ак жол” партиясынын Лейлек району боюнча активдүү координаторлорунун бири болгон.

2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын активдүү депутаты катары таанылган. Парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы болуп кызмат өтөгөн.

2010-жылдан кийин Алмаз Атамбаевдин оң колу Икрамжан Илмияновдун командасына кирип, КСДПнын Саясый кеңешинин мүчөсү болуп шайланган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: