Menu

“Свободная Корея” чокусуна чыгам деп аскадан кулап кеткен Литвалык альпинист Салиус Сайкаускастын сөөгү табылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-февралда саат 13:30 да үч күндөн бери изделип жаткан Литвалык альпинист Салиус Сайкаускастын сөөгү Тянь-Шань тоосунун Кыргыз тоо кыркаларындагы “Свободная Корея” аскасынын алдынан табылган. Бул тууралу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Эсиңиздерге сала кетсек, 15-февраль күнү Ак-Сай мөңгүсүнүн алдында жайгашкан “Рацектин үйү” альпинисттердин базасынан  4740 метр бийиктиктеги “Свободная Корея” чокусун багындырууга чыккан Литва Республикасынын 2 жараны аскадан кулап кетишкен. Алардан кабар болбогондуктан базадагылар 16-февралдан баштап издей башташкан. 17-февраль күнү буту сынып, тирүү калган альпинист Алис Кейскас базага эптеп өзү жеткен. Аны ошол эле күнү Рацек альпинисттер үйүнөн КР Генштабынын тик учагы менен Бишкекке, ооруканага жеткиришип, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал оң буту сынгандыктан гипс тагылып, азыр абалы туруктуу. Экинчи жоголгон альпинист Салиус Сайкаускасты издөө иштерине ӨКМдин 7 куткаруучусу тартылып, натыйжада бүгүн анын жансыз денеси табылды.

“Рацектин үйү” базасы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: