Menu

Кылычбек Султанов, КРнин Түштүк Кореядагы элчиси: “Тышкы иштер министрлигин жетектеп калышым ажеп эмес”

Бөлүшүү:

Жакында Тышкы иштер министрлигинин айрым кадамдарын сынга алып чыккан элчи Кылычбек Султановго карата дипломатия айдыңында кызуу талкуу жаралып, коомчулуктун кызыгуусун бура алды. Бул тууралуу биз элчинин эки ооз кебине да кулак түрүп көрдүк.

– Кылычбек Мырза, ТИМдин ишмердүүлүгүн сынга алган кадамыңыз министрлик тарабынан эле эмес, бир катар дипломаттар тарабынан да кыйгач пикирге алынууда. Адатта бизде кызматынан кош айтышкысы келгендер сиз сындуу кадамдарды жасарын эске алсак, ээрден көчүк кылтыят го ээ? Же даярдана баштадыңызбы?

– Калыгул иним, “көчүк кылтыят” деген стилиң “өзгөчө” экен. Тамаша, албетте. Биринчиден, кайсы дипломат менин пикиримди “туура эмес” деп так кесе айтты? Эч ким “туура эмес” деп так кесе айткан жок. Анткени менин айтканым 100 пайыз туура. Экинчиден Эрик Асаналиев деген мырзанын дипломаттардын атынан сүйлөгөнүн айтып жаткан болсоңуз, анын өмүр таржымалын карап чыктым. Журналистикада окуп, кийин теледе журналист, редактор болуп 10 жылдай эмгектенип жүрүп, дипломаттык кызматка өткөн экен. Ошондуктан, бул “Кылычбек Султанга каршы” деген пикирге кошула албайм. “Ашканада” нааразы болуп, чындыкты айта албай жүргөн дипломаттар көп. Ал эми жеке өзүмдүн “кызматтан кетейин” деген кымындай да оюм жок. Керек болсо Кудай буюрса, ТИМ системасын жетектеп калышым да ажеп эмес. Дүйнөлүк масштабда алып карасаңыз, тышкы иштер министри болуп ийгиликтүү эмгектенген, эмгектенип келе жаткан журналисттер, дарыгерлер, экономисттер бар. Мен да топтогон тажрыйбамды, системадагы көргөн кемчиликтерди жойгонго, жалпы дипломаттардын ишин жөнгө салганга жумшайм. Элим, мекеним үчүн эмгектенгенди уланта берем. Кудай буюрган күнгө чейин.

– Малайзияда элчи кезиңизде Кыргыз журналисттери менен иш алып барганыңыздан кабардарбыз. Азыркы элчилик кызматыңызда да ЖМК өкүлдөрүн “ак”, “көк” деп бөлбөй өзгөчө идея астында иш алып барууну ойлонуштурдуңузбу?..

– Малайзияда эмгектенген кезде ийгиликтерди жаратуума, эки өлкөнүн алакаларын арттырууга, туризм, экспорт-импорт, маданий-гуманитардык мамилелердин өсүшүнө журналисттер жакшы жардамын беришти. Жана мен журналисттерди “ак” же “көк” деп бөлгөн эмесмин, бөлбөйм дагы.

– Басылмаңыздын нускасынан жана андан түшкөн жарнама аркылуу Кыргызстандагы алдыңкы 10 байдын катарына киргениңизди айтып калышат. Бул жагынан өз чындыгыңызды да жарыялап койбойсузбу?

– Басылма аркылуу алдыңкы 10 байдын арасына кирүү теоретикалык жактан да мүмкүн эмес. Кыргыз тилдүү калкыбыз 100 миллион болсо бир жөн. Андан тышкары гезит деген бул интеллектуалдык эмгек. Мунайзат же башка табигый ресурс эмес да. Кыскасын айтканда, алдыңкы 10 эмес, 10 миң байдын катарына да кирбейм.

Калыгул Бейшекеев

Булак: “Азия news” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: