Menu

Жалал-Абад администрациясы көчөнүн жарымын тосуп алган адам өзбилемдиги үчүн жазаланат

Бөлүшүү:

Айрым сайттарда төрт күн мурда түндөсү ким-бирөө Жалал-Абад шаарындагы Ленин көчөсүнө коюлган темир тосмону жылдырып, көчөнүн жарымын тосуп алгандыгы, шаар бийликтери эч бир аракет жасабай отургандыгы тууралуу шаар тургундарынын маалыматы жарыяланган. Бул туралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы маалымат борбору билдирди.

Чынына келгенде Жалал-Абад шаарынын бийликтери бул боюнча дароо аракет жасашкан: түндөсү Ленин көчөсүндөгү темир тосмону жылдырган ишкер Абдурасул Орозалиевдин аракетине баа берүү үчүн компетенттүү комиссия түзүлгөн. Комиссия мүчөлөрү ишкердин аракетин өзүмбилемдик деп баалашып, тийиштүү акт түзүлгөн жана ал чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Азыр бул иш менен Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү алектенипп жатат, ал эми ишкерге темир тосмону кайра мурдагы ордуна жылдыруу, Ленин көчөсүндө жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу сунушу берилди.

Эске сала кетсек, Абдурасул Орозалиев мурда “Кыргызтелекомдун” Жалал-Абад областтык филиалын жетектеген, шаардагы көрүнүктүү ишкер эсептелет.

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: