2018-жылдын 18-февраль күнү саат 00:12 чамасында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл аймагынын Сары-Талаа айылынын Жуманазаров көчөсү №2 дарегинде турак үйдүн 15 чарчы метр чатыры, 18 чарчы метр шыбы күйгөн. Бул туралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.
Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМдин №73 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, саат 01:40та өрт толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ