Menu

Ирандык куткаруучулар учак кулаган жерге жетишти

Бөлүшүү:

Ирандын куткаруучулары ATR-72 учагы кулаган жерге жетишти. Бул тууралуу 19-февралда жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

Ирандын мамлекеттик телеканалы аба ырайы жакшыргандан кийин Aseman EP3704 авиакомпаниясынын учагын издөө иштерине тик учактар тартылганын билдирди. Маалыматка караганда, куткаруучулар кырсык болгон жерге 19-февралда таң атпай жетишкен.

Буга чейин катаал аба ырайына байланыштуу издөө иштерин баштоого мүмкүн болбой жатканы кабарланган.

ATR-72 учагы Тегерандан өлкөнүн түштүгүндөгү Ясуй шаарына 18-февраль эртең менен учкан. 25 жылдан бери пайдаланылып келаткан учак Дена тоосунда кырсыкка кабылып, анын ичиндеги 65 адам каза тапкан.

Франциянын авиациялык коопсуздук боюнча агенттиги британиялык кызматтын жетекчилиги алдында башталган иликтөө иштерине катыша турганын билдирди. ATR-72 учактары Францияда жана Италияда өндүрүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: