Menu

Видео – Казакстандын Генпрокуратурасы кыргыз депутаты Дамирбек Асылбек уулу жана 35 жарандын атайын операция аркылуу кармалышы боюнча видеобилдирүү жасады

Бөлүшүү:

“Казакстандын коңшу өлкөлөр менен чек араларында аткезчилик менен иш кылышкан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштү күчөтүү жана бажыканалардын айланасындагы тартипти жөнгө салуу максатында Улуттук коопсуздук комитети менен Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук бюросу биргелешип, Генералдык прокуратуранын тескөөсүндө бир эле учурда Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстана жана Алматы шаарларында ири масштабдагы атайын операция өткөрүлдү”, – деп билдирди бүгүн, 19-февралда Казакстандын Генпрокуратурасынын өкүлү Оксана Лоскутова.

“Бүгүнкү күнгө карата 35 киши кармалып, алардын ичинде  Кыргыз Республикасынын үч жараны, бажы органдарынын, чек ара кызматынын жетекчилери, брокерлер, ортомчулар, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү бар. Алардын 33 кишиси соттун санкциясы боюнча камакка алынды. Атайын операцияны өткөрүү алдында укук коргоо органдары узакка созулган оперативдүү иликтөөлөрдү жүргүзүшкөн.  Натыйжада казак-кытай чек арасындагы “Алтын-Көл”, “Калжар” жана “Хоргос”, казак-кыргыз чек арасындагы “Курдай” жана “Кара-Суу” казак-өзбек чек арасындагы “Сары-Агаш”, “Ата-Мекен”, “Капланбек” жана “Казыгурт” бажы бекеттеринде түзүлүп жана туруктуу иштеп жаткан эл керектөөчү товарларды атезчилик жол менен өткөрүүчү туруктуу аткезчилик схемалардын бети ачылып, документтештирилди. Аткезчилик товарлары Казакстанга Кытайдан түз эле же Кыргызстан аркылуу жасалма документтер менен же бажылык күңүрт схемалар аркылуу киргизилип турган. Шектелип кармалгандарга бажы органдары менен чек ара кызматынын айрым жооптуу кызматкерлери төмөндөтүлгөн ставкалар менен баалап, жүктөрүн коштоп барып колдоо көрсөтүшкөн. Аткезчилик жол менен өткөн товарлар Казакстандын жана Россиянын ири шаарларына жөнөтүлүп турган. Казак-өзбек чек арасында бажычылар товарларды бажы бекеттеринен тездетип өткөрүп бергени үчүн пара алып турушкан. Аткезчиликке тиешеси бар жарандар атайын кызматтын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ири суммадагы акчаларды берүү менен алардын канатынын алдына кирип кетүүгө аракет кылышкан. Өткөрүлгөн атайын операциянын жыйынтыгында 8 уюшкан кылмыштуу топтор жабылды. Экономикалык аткезчилик, уюшкан кылмыштуу жана трансулуттук кылмыштуу топторду түзүү, жетектөө жана катышуу  фактылары боюнча сотко чейинки иликтөөлөр башталды. Соттордун санкциялары менен 76 жолу тинтүү жүргүзүлүп, анда ири суммадагы улуттук жана чет элдик акчалар, зергер буюмдары жана бухгалтердик документтер менен бажы декларациялары  колго түшүрүлдү. Аткезчилик товарлары менен 2 автоунаа кармалды. Ал акчалардын жана материалдык баалуулуктардын кайдан келип чыгышы сотко чейинки эле иликтөөлөрдө такталат. Тергөөнү ведемстволор аралык тергөө тобу алып барат. Бул ишти Генпрокурор өзүнүн көзөмөлүнө алды”, – деди Оксана Лоскутова.

Булак: Кyrgyztoday.кg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: