Бишкек жылуулук борборундагы (ТЭЦ) аварияны иликтөө боюнча бийлик түзгөн мекемелер аралык, биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев жетектеген өкмөттүк комиссия өзүнүн ишин жыйынтыктап, Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиевге, анын орун басары Нурлан Садыковго, Энергетика жана өнөр жай боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Улан Рыскуловго жана анын орун басары Азамат Оморовго катуу сөгүш гана жарыялоону сунуш кылды. Мындай сунушту комиссия өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго жөнөттү.
Ошентип Кыргызстандын борбор шаары Бишкекти 5 күн жылуусуз калтырган Айбек Калиев баштаган мамлекеттик чиновниктер сөгүш менен гана кутулуп кетишти. Кыргыздар “карга карганын көзүн чукубайт” дегендей эле болду. Чындыгында азыр Атамбаев менен экономикалык байланышы бар бир да кадрды эч ким эч нерсе кыла албайт. Айбек Калиев кайрадан Айдар Акаев, Максим Бакиев учурундагыдай Атамбаев доорунда да “суудан кургак чыкты”. Мунун сырын элдин көбү билип турат, бирок, ачык айткандар сейрек гана.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ