Учурунда Жаныш Бакиевдин жардамчысы болуп жүргөн Медер Ысманалиевдин азыркы тапта Адахан Мадумаровду коштоп, жанынан чыкпай калганын кызуу талкуулап жатышат. Коомчулукта эмне үчүн Адахан Мадумаров Жаныш Бакиевдин жардамчысы болуп жүргөн жигитти өзүнө жардамчы кылып жүрөт деген суроого баш катырышууда. Акыркы кездерде саясий активдүүлүгүн арттырып, эл чогулган жерге жетип барып, адатынча курсак тойгузбаган куру сөздөрдү арбын айта баштаганына караганда, Жаныштын жардамчысы жөн жеринен жандап калбаса керек… Эски «шефтеринен» тапшырма алганбы? «Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабай» турганын эске алсак, бир мандем бардай…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ