Эл аралык коалициянын 7-февралда Сириянын Дейр-эз-Зор провинциясында жасаган аба соккуларынан «Вагнердин жеке аскер компаниясынын» орус жана украин жарандарынан турган 50 мүчөсү мерт болгон. Бул тууралуу «Ведомости» гезити өз булактарына шилтеме кылып жазды.
Маалыматка караганда, соккулардан аталган компаниянын 50 аскери каза таап, 70и жаракат алган. Бирок Сирия аскерлерин кошкондо, каза болгондордун жалпы саны жүздөн ашышы мүмкүн. Аба соккуларынан кийин Пентагондун өкүлдөрү дагы жүздөгөн адам мерт болгонун билдирген.
АКШ башында турган эл аралык коалициянын Сириядагы аба соккуларынан Орусиянын жалданма аскер кызматкерлери каза болгондугу тууралуу америкалык CBS телеканалы Пентагондогу булактарына шилтеме кылып билдирген. Жалданма аскерлер «Сириянын демократиялык күчтөрү» деп аталган араб-күрт отряддарынын көзөмөлүндөгү мунай иштетүү заводдорун басып алууну көздөп, Хишам жергесинде жүрүшкөнү кабарланган. Түрдүү маалыматтар боюнча, анда «Вагнердин жеке аскер компаниясы» жүздөгөн мүчөлөрүн жоготкон. Орусиянын Коргоо министрлиги өз жарандарынын каза болгондугун четке кагууда. Орусия ТИМи Дейр-эз-Зор провинциясындагы соккулардан 5 орус жараны каза тапкан болушу мүмкүндүгүн билдирип, жүздөгөн орусиялык мерт болгондугу тууралуу билдирүүлөрдү «жалган» деп аташкан.
16-февралга карата журналисттер менен көз карандысыз иликтөөчүлөр социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөрдүн жардамы менен каза тапкан 9 жарандын тек жайын аныкташкан. Мамлекеттик Думанын коргонуу боюнча комитетинин төрагасы Владимир Шаманов Сирияда беш гана орусиялык жалданма аскердин каза болгонун ырастаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ