Menu

“Аптарикатты” көтөрүүнүн Алмазбекче амалы

Бөлүшүү:

“Кыргызстандын” кыйын депутаты Алмазбек Эргешов Жогорку Кеңештин кадыр-баркын кантип көтөрөм деп катуу ойлонгон экен. Акыры ою ордунан чыгып, быйыл парламентибиздин 80 жылдыгы экени эсине түшүптүр. “Ушул жылы парламентибизге 80 жыл болот экен. Ушуга байланыштуу илимий конференция сыяктуу иш-чараларды өткөрүү керек. Балким китеп чыгарып же кино тартабыз. Кандай болгон күндө дагы парламенттин кадыр-баркын көтөрүү үчүн ар кандай иш-чараларды өткөрүшүбүз керек” – деди ЖК жыйынында. Илимий конференция сыяктуу “кооз” иш-чаралары менен кошо Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык тартылган кадимки той-топуру дагы бар экенин эске алсак, Алмазбектин бул амалы ЖКнын кадыр-баркын көтөрбөй эле, кайра каралоого жем таштады. Парламенттин кадыры качан көтөрүлөт? Эргешов, Жолдошбаевге окшогон жолдоштор билген бизнесин кылып кетсе, ордуна эл үчүн күйгөн чыныгы эл өкүлдөрү келгенде көтөрүлөт.

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: