Премьер-министр Сапар Исаков өткөн жылы 14-декабрда жол коопсуздугу боюнча чоң жыйында Транспорт министрлигинин жетекчилигине кылмыш ишин козготом деген. “Жакында эле Транспорт министрлигинин жетекчилери жүк ташуучу ири унааларды текшерген электрондук салмак көзөмөлү орнотулганын, эми бир дагы жүк көзөмөлсүз өтпөй турганын айтышкан. Бирок иш жүзүндө андай эмес экен. Бул боюнча кылмыш иши козголот” – деди эле. Бирок андан бери Транспорт министрлигинин кайсы бир жетекчисине кылмыш иши козголуптур дегенди эмнегедир кулагыбыз чала элек.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ