Кудайдын чүчкүрүгүнөн түшкөндөй болгон Кулматов деген кудайдын эрке баласы бар. Айланып эле кайра Бажынын баштыгын басып жыгылган. Мына ошол жигит айдын башында башбакан Сапар Исаковдун кабыл алуусунда болуп, бир айдын жыйынтыгын чыгарып, Ош Бажысында чогулган каражаттын көлөмү 10 эсе көбөйгөнүн айтып, бир эсе кубандырган жайы бар. Бул маалымат коомчулукка тараары менен бир топ экс-бажы жетекчилери жер челип, агаларын адвокат кылып, ММКларга маек бердиртип, ал чогулган каражат чек арадан өтө албай турган фуралардан түшкөнүн, өзбек тарап менен мамиленин жакшырышынан товар жүгүртүү жакшы болуп жатканын, коррупциялык схемалар болбогонун айтып актанууга да жетишкен. Ал эми эрке бала Кулматов 14-февралда ЖКга келип, мындай өсүүнүн себебин Кытай жаңы жылы менен байланыштырып, коррупция менен болгон күрөштүн жыйынтыгы деп айтканга жарабады. Жанынан корктубу же тигилер жарга такадыбы ким билсин, айтор ачык айтпай, кыска жооп берип кутулду.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ