Menu

Саясаттын котур ташынан сактан?

Бөлүшүү:

Негизи саясаттын “ичегисине” тууралап кирип кетсең  бакыйган кызматты чеңгелдеп, жыргалга батасың, эгерде “тегирмендин” барасына түшүп калсаң  паралич болуп калышың кеп эмес. Учурда ааламды чарк айлантып, баарын чүкөдөй калчап жүргөн билермандар үстөмдүк кылышууда. Ал эми жылдызы жалп эте өчүп калган бечаралар көзүн тостойтуп караңгы жерде отурушат. Айрым “жөө күлүктөр” өлкөдөн безип кетишип, алыстан дүрбүсүн салган кези. Көрсө турмуштун өзү бүтпөгөн күрөш тура!

Сөздү тайсалдатпай эле  бир фактыга кайрылалы. Муну биз табалагандай түрдө эмес сабак болчудай багытта баяндайлы деп турабыз. Башында кеп баштагандай саясаттын ар кыл өңү-түсү болот экен. Агына эрмешсең эл арасында эсенчиликте, бакубатчылыкта, салабаттуу жашай аласың. Капыстан кочкулуна бап келсең башыңдан кара булут айланып айлаңды курутат. Керек болсо корозчо “азан” чакыртып, итче уулутат. Мындайда сөзүң оозуңан түшүп, маңдайыңда жанган жылдызың төмөн кулап,  элге суук тумшук көрүнөсүң. Баягы сени дуулдатып коштоп, этегиңе намаз окугандар  жакындабай калат. Мурда сен тийген күн болсоң эми каран түнгө окшоп каласың.

Кандай деп сыпаттабайлы Өмүрбек Бабановдун ооматы шойкомдуу саясаттан тайыды. Тайымак тургай кекиртегинен  тескери кыймыл-аракетинен  улам кайырмакка илинди. Анын тайыз экени, байлыктын, бийликтин кулу болгону  айкын элге билинди.  Жаза баскан кадамдарынан таманы айра тилинди. Айбаттуу эрки сынып, акыры бийликтин азыркы кожоюндарына  миң ийиле жүгүндү. Баштагы “опурталдуу”токулган  пландары  бүлүндү.

Арийне, коштоочуларына, өткөн күздөгү шайлоодо бозодой боркулдаткан колдоочуларына кесепети тийген жок деп айтуу эрксиздик. Фархат Иминов деген депутат азыр каерде жүрөт баш калкалап? Канат Исаев кантип күн өткөрүп жатат болду экен караңгы жерде? Кайсар кайсалактап не иштин башында учурда?  Бакыт Төрөбаевдин жүрөгү сол жактан оң тарапка ооп кетпеди бекен коркконунан? Мирлан Жээнчороевдин бакылдаганы парламенттен неге угулбай калды? Мелис Аспековдун тагдыры эми кандай чечилет? Тамадалар, жамакчылардын мурдунан курту кыбырабай калганына ким себепкер? Ушулардын баарына саясаттын “генералы” болом деген Өмүрбек Бабановдун тиешеси жок деп ким ортого чыгып тастыктай алат?  Демек, саясаттын котур ташы кимдин башына дал тийсе  ал оңбой калат. Же мунун жалганы барбы  ыя?

Булак: Ачык сөз 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: