Menu

Жаманды оозана бербейличи?

Бөлүшүү:

Үч айдан бери ишин уланткан ажобуз Сооронбай Жээнбековго  ичи чыкпай сын айткандар ийинден баш чыгара башташты. Арсылдап эле үргөндү өтө катуу  өздөштүрүп алгандар акылы ашып кеткенсип тигинтип эле койсо болмок деп мурдун келтейтишет. Кеткен президенттин кадрларына алы жетпей жатат деп экөөнүн ортосуна “кычыткы” кыпчыгысы келишет тимеле.  Айтор, сынды сырайта,чычайта айткандар негедир өздөрүнүн “толгоосун” токтотууга амалы жетпөөчүдөй.

Далай райондо аким , айыл чарбасында министр болуп иштеген, тажрыйбасы мол Турдуназир Бекбоевди ак үйгө кызматка койсо наалыгандар да бар болуп чыкты. Башында бул киши  Төрөбаевдин  штабында жетекчи болгонун, кийин Сооронбайдын командасына өтүп кеткенин,азыр чиновник болуп калганына “жетине” албагандар  тилин булайтып жиберишти. Курманбек Дыйканбаевдин президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп дайындалганына да тескери пикирдегилер бар экени байкалды. Шылтоосу эле ал кезинде Бабановдун партиясында жүргөндүгү айтылат. Эми кимдер “Республика” партиясынын амири менен эл өкүлү  болушпады дейсиң? Адамдын кайсыл партияда экенине эмес, ишкердик сапатына карашса болбойбу? Же бардык дөө-шаа кызматтар КСДП га берилиши керекпи? Эми Догоевдин ордуна  мамлекеттик каттоо кызматына жетекчи болуп келген Шайыковага да илинчек издешеринен шек санабайбыз.

Өткөн абдан таасирдүү жыйында ажобуз  С.Жээнбеков маанилүү  маселени кыпчый кетти. Шайлоодо бизге каршы иштеди деп  жакшы кадрларды кодулаганды, кетиребиз дегенди  токтоткула.  Татыктуу болсо кызматын уланта берсин деп эскертти.  Ошондуктан жооптуу кызматка  партиялаштарын гана тартпастан акыл-көрөңгөсүнө, жөндөмүнө, адамкерчилигине  таасын баа берип туруп кызматка алып келүү мезгилдин өктөм талабы десек болчудай. Негизи бул туура ыкма. Кадрларды өң-тааныштыкка, туугандыкка, куда-сөөк экендигине  карап  дайындоого   мындан ары жол берилбеши  кажет.   Бөйрөктөн шыйрак чыгаргысы келгендердин  айткандары адилеттик орносо суу кечпей калат.

Булак: Ачык сөз 

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: