Menu

Олуттуу маселеге сергек мамиле кылалы

Бөлүшүү:

Туура, коррупция дегендин тамыры жети катмар жерге чейин кирип кеткен. Муну канча толгонсок да  оңой менен көз ачып жумгуча жогото албайбыз. Анын үстүнө четинен кармап эле  түрмөгө отургуза берсек  орун табылбай каларына  эмне дейбиз? Ошондуктан  тыкыр иликтеп, өтө  аша чаап кеткендердин этегинен тартып, кустура башташ керек. Олигархтардын жакасынан муунта баштаганда эле  алар тизелеп калат. Анан кокуйлаган бойдон “крыша” издөөгө өтөт.  Бул турган иш десек болот.

Ошентсе да  мамлекетке  каражат төгүп берүүгө аргасыз макул болгондорду көп опузалап отурбай эле  акчасын казынага төктүрө берсек майнаптуу болмок. Муну эртелеп баштасак далай мектеп, ооруканалар, балдар бакчалары курулууга негиз түзүлмөк. Кыйла суусуз калган аймактарга шарт ачылмак. Кырсыкка учурагандардын маселеси чечилмек. Демек, күч түзүмдүрү эски ыкмадан чыгып,  ишти билгичтик менен жүргүзсө каржалган өлкө бираз оңоло түшмөк. Мен баймын деген эки жүз кишинин отузунун эле айыпка салган акчасы кыйла көйгөйдү жайгарууга жарамак.

Өлкө башына канча ирет казса да илинчеги табылбаган  президент келди. Ушундан улам Ширшовдун, Максимдин,Айдардын, Адил Тойгонбаевдин схемаларын жексен кылууга мүмкүнчүлүк түзүлдү дегенден неге айбыгабыз? Олуттуу бир маселе турат бүкүлү бойдон. Алгач прокуратураны, милицияны, сотторду, эсептөө палатасын  жакшылап тазалоодон өткөрүү зарылдыгы бар. Антпесе булар көндүм адаттарына салып, кылмыш иштерин узартып, кулкунун агытып, тойбостугун  айгинелеп ит кыла бермекчи. Күч түзүмдөрүнүн башына акактай таза жетекчилер дайындалмайынча ашмалтай көрүнүштөн арылбайбыз. Шылуундардан, тууганчылдардан, өзүнө  камкор болгондордон арылуунун мезгили келди. Мындай маанилүү мекенчил демилгени ак ниети бар ар бир адам колдоосу кажет. Мамлекет менен калктын ортосундагы байланыш тыгыз болгондо гана аракетибиз алга жылып, көздөгөн максаттарыбызды ишке ашырууга жол ачылат.

Булак: Ачык сөз 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: