Menu

Тажикстан: диний партия мүчөсүнүн камалганы тууралуу маалымат тастыкталган жок

Бөлүшүү:

Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсү Нуъмонжон Шарифов Түркиядан Тажикстанга өз эрки менен келгенин билдирди.

«Учурда Душанбедемин жана жеке документтеримди каттатып жатам. Эртең Исфарага барам, бир жумадан кийин кайра Стамбулга кайтам», – деди ал.

Эл аралык Human Rights Vision Foundation укук коргоо уюму 19-февралда диний партиянын мүчөсү Нуъмонжон Шарифов Стамбулда кармалып, Тажикстанга жеткирилгенин кабарлаган.

Нуъмонжон Шарифов бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

«Паспорт көзөмөлү учурунда чек арачылар папортумду алып коюшту. Бирок кийинчерээк кайра өзүлөрү Стамбул-Душанбе каттамына отургузушту. Мен мекенимде жүрөм, өз иштерим менен алекмин», – деди ал.

Нуъмонжон Шарифов Тажикстанда ага карата кылмыш иши козголгону тууралуу маалыматы да четке какты. Буга чейин Human Rights Vision Foundation уюму активист мекенинде уюшкан кылмыш тобун түзүү, конституциялык түзүмдү күч менен кулатууга чакыруу беренелери боюнча күнөөлөнүп жатканын маалымдаган.

Нуъмонжон Шарифов Тажикстандан үч жыл мурун чыгып кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: