Экономика министри Артем Новиков коомдогу сындарга байланыштуу, кыргыз тилин мамлекеттин эсебинен үйрөнүүдөн баш тартты. Буга дейре Новиков кыргыз тилин үйрөнүү үчүн 3 ай мугалим жалдап окумак. Үч айдын ичинде кыргыз тилин сайрап калмакчы болгон Новиков мамлекеттин эсебинен мугалимге ай сайын 12 миң сомдон 36 миң сом төлөмөк. Коомчулук тил үйрөнүүнүн наркы айына миң сомдон 3 миң сомго чейин экенин айтышып, Новиков 12 миң сом деген асман чапчыган бааны кайдан алды, кыргыз тилин үйрөнгөнүн милдет кылып, мамлекеттин казынасын кагып алмак тура дешип нааразы болушкан. Буга кошумча, министрден тышкары министрликтин 100 кызматкери кыргыз тилинен 324 миң сомго сабак алмак болгону да сынга алынган. Ырасында, кыргыз тилин ар бир жогорку кызматтагы аткаминер билиш керек. Билбесе өз чөнтөгүнөн төлөп үйрөнүүгө милдеттүү. Ар бир жаран кайсы бир тилди өз чөнтөгүнөн акча төлөп үйрөнөт. Бирөөгө милдет кылып, догун артпайт. Новиков элден башкача беле? Үйрөнсүн, чөнтөгүнөн төлөп. Мойну жар бербесе кетсин.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ