Menu

Өзбекстанда автоунааларды ижарага берүү кызматы ишке кирет

Бөлүшүү:

Бул тууралуу өлкөнүн Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитететинен билдиришти. Сыноо иретинде мындай кызматтар алгач Ташкент, Бухара, Самарканд жана Хорезм шаарларында пайда болот.

Мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, автоунаалар белгилүү бир убакытка (бир нече сааттан бир нече айга чейин) айдоочусуз берилет. Ал үчүн чет өлкөлүк туристтерден паспорттон тышкары эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк дагы талап кылынат.

Унаалар 30 күнгө чейин нотариалдык жол-жоболоштуруусуз эле ички иштер органдары тарабынан берилет.

Унааларды ижарага берүү кызматы президенттин «Ички туризмди өнүктүрүүнү тездетүү боюнча чаралар тууралуу» 3-февралдагы токтомунун негизинде ишке ашырылат.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: