Menu

Астанадагы Сирия сүйлөшүүлөрүн мартта өткөрүү пландалууда

Бөлүшүү:

Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча Астанадагы тынчтык сүйлөшүүлөрү март айында өтөт. Бул тууралуу Казакстандын ТИМи билдирүүдө.

19-февралда ТАСС агенттиги Орусия, Түркия, Иран тышкы иштер министрлери 16-мартта Астанада жолугуша турганын кабарлаган.

“Сирия маселеси боюнча кепил өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусун мартта өткөрүү тууралуу сунуш түшкөн. Биз отурумдун катышуучуларынын баары бир күндү расмий түрдө белгилешин күтүп жатабыз”,- деди Казакстан ТИМинин басма сөз катчысы Ануар Жайнаков.

Акыркы жолу Сирия сүйлөшүүлөрү 21-22-декабрда өткөн, тараптар кийинки жолугушууну февралга белгилешкен. Кийинчерээк отурум кепил өлкөлөрдүн ТИМ башчылары жолугушкандан кийин өтөрү маалымдалган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: