Menu

Фото – Премьер-министр Сапар Исаков КР Ага-Хан Өнүктүрүү тармагынын Өкүлчүлүгүнүн башчысы Шамш Кассим-Лакха менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасындагы Ага-Хан Өнүктүрүү тармагынын Өкүлчүлүгүнүн башчысы Шамш Кассим-Лакха менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө жакынкы мезгилдеги биргелешкен кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Өкмөт башчы белгилегендей, кыргыз тарап Ага-Хан Уюму менен кызматташууга өзгөчө маани берет жана өлкөнүн учурдагы социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүдө көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, өз-ара пайдалуу кызматташтыктын айкын мисалы катары Нарын облусундагы заманбап материалдык-техникалык базасы бар Борбор Азия Университетинин иш алып баруусу саналат.

Мындан тышкары, Сапар Исаков Ага-Хан Уюмуна Кичи Памирде жашап жаткан этникалык кыргыздарга үзгүлтүксүз гуманитардык колдоо көрсөтүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Өкмөт башчынын айтымында, өлөкөдөгү кичи жана орто бизнести өнүктүрүү жаатында Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банкы (KICB) маанилүү ролду ойнойт, анын ири акционерлеринин бири болуп Ага-Хан Экономикалык Өнүктүрүү Фонду саналат.

КР Ага-Хан Өнүктүрүү тармагынын Өкүлчүлүгүнүн башчысы Шамш Кассим-Лакха Премьер-министрге Ханзаада Карим Ага Хан IV атынан саламдашуусун жеткирди. Ошондой эле ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстанда «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасын жана «Таза Коом» улуттук долбоорун ишке ашыруу алкагындагы бир катар оңдуу өзгөрүүлөр байкалып жаткандыгын белгиледи.

«Учурда ишке ашырылып жаткан Өкмөттүк программалар абдан күчтүү жана натыйжалуу болуп саналат. Биз ошондой эле жогорку деңгээлдеги компетенциялуу жаңы командага кубануу менен байкоо салып турабыз», – деди Шамш Кассим-Лакха.

Шамш Кассим-Лакха белгилегендей, мамлекеттик органдардын ишин санариптештирүү, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана ирригациялык тармактарды өнүктүрүү боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы Ага-Хан Уюмунун артыкчылыктары менен дал келет. Ал мындан аркы ар кыл багыттагы конструктивдүү кызматташтыкка даярдыгын билдирди.

Андан соң тараптар Уюмдун инвестициялык пландарына, тактап айтканда, Нарын шаарындагы жаңы мейманкананын, мектептин жана турак-жайлардын курулушуна кеңири токтолушту.

Тараптар ошондой эле Бишкек шаарындагы Ботникалык бакты биргелешип реконструкциялоо мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Сапар Исаковдун айтымында, аталган маселе боюнча Жумушчу топ түзүлүп, Иш-чаралар планы бекитилген, анын алкагында Бакты реконструкциялоо боюнча сметаны иштеп чыгуу пландаштырылууда.

Шамш Кассим-Лакха белгилегендей, Ага-Хан Уюмунун дүйнөнүн ар кыл мамлекеттеринде парктарды куруу жана реконструкциялоодо мыкты эл аралык тажрыйбасы бар жана бул маселе боюнча кызматташтыкка даярдыгын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: