Menu

Видео – Акилов: Мен Швеция ИМге каршы күрөштөн баш тартсын дегем

Бөлүшүү:

Стокгольмдогу кол салууну моюнга алган Өзбекстандын жараны Рахмат Акилов анын максаты Швецияны “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна каршы күрөштөн баш тарттыруу болгонун айтты.

20-февралда сотто сүйлөгөн 40 жаштагы Акилов: “Мен Швеция “Ислам мамлекети” чабуулдарга туш болгон аймакка аскерлерин жөнөтүшүн токтотсун дегем”, – деди. Сотто ал орус тилинде сүйлөп, тилмеч аны которуп турду. 40 жаштагы өзбек жараны терроризм үчүн айыпталууда.

Акилов кайсы бир конкреттүү кол салуудан шыктанбаганын, ошол эле учурда ага чейин Берлинде, Лондондо жана Ниццада ошондой эле теракттар жөнүндө кабары болгонун айтты.

39 жаштагы өзбек жараны терроризм үчүн айыпталууда. Прокуратура Акиловду өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууну талап кылууда.

Ал айдаган фургон былтыр 7-апрелде Стокгольмдо элди тебелеп, соода борборунун имаратын сүзгөндөн кийин өрттөнүп кеткен. Окуядан 5 адамдын өмүрү кыйылып, 15и жарадар болгон. Кол салууга байланыштуу шек саналган Акилов качып кетип, ошол эле күнү кармалып, күнөөсүн мойнуна алганы кабарланган.

https://www.youtube.com/watch?v=HF2Y5Sw7Du8&feature=youtu.be

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: