Menu

Кайран бөбөк, бул дүйнөнүн заарынын баарын энеңден көрдүң…

Бөлүшүү:

Оштогу энеси тарабынан сабалып, комада жаткан Бексултан каза болду деген суук кабар мени нес кылды. Эстен тангыча сабалды дегенде элесоо болбой калды го… Оңбогон эне сөрөй өлтүрө чапты го дегем. Кайран бөбөк, куш болуп учуп кетти. Жаның жанатта болсун. Бул дүйнөнүн заарынын баарын энеңден көрдүң. Балким дагы башка жакындарыңан көрдүң… Кечир! Ушул жашоого алып келген “энең” сурабаган кечиримди мен сурайм! Кечир бөбөк… Келечексиз энеде тарбияланып жатканыңды билип, өмүрүңдү сактап кала албаган тийиштүү  кызматтар үчүн кечирим сурайм. Жаныңда жашап, ыйлаганыңды угуп, ага көз жумган кошуналар үчүн, “энеси сабай берсе болот” деп карап турган жакындарың үчүн кечирим сурайм!

Бексултандай дагы канча бала Кыргызстанда кор болуп жашап жатты экен? Жалдырып, энеден, атадан көрбөгөн мээрим менен канчасы мерез болуп чоңоюп жатты экен?.. Түгөнбөгөн баш-аяксыз суроолор…

Ушуну менен бир нече жолу жаш балдар сийип койгон “күнөөлөрү” үчүн кордук көрүүдө. Токтогула! Ташбоор энелер, аталар жана жакын адамдар!

Баланын сийип коюшу табыгый көрүнүш го. Болгону, ар бир эне баласын ошол табыгый рефлекстен үйрөтүү жолу менен акырындык менен бул адатын таштатат эмеспи. Баланы беш мүнөттүк жыргалдан жаратып алып, аны багууну билбеген, мээрим берүүгө жана тарбия берүүгө ашыкпаган “акмак ата-энелер” үчүн чоң жаза – бул Кудайдын жазасы. Өз убагында мээрим берилбеген, каралбаган бала андан дагы ташбоор, мерез болорун унутпасак… Бул жерде аял гана эмес, эркек дагы күнөөлүү. Акыркы убакта баардык түйшүктү аялдар тартып калгандыктан, эркектер эмнегедир жоопкерчиликсиз болуп, четке чыга беришүүдө. Эмне үчүн биз азыркы убакка чейин болгон окуя боюнча кыздарды каралап эле жатып калабыз? Ошого  “жардам берген” “жигиттерди” жоопкерчиликке тартуу тургай, уяткарууну дагы унуттук. Ошондуктан, кыздар тебелендиде калды. Кыздарыбызды кордогон сайын, аялдар дагы ачуулуу болуп бара жатат. Коомдун бузулган ушул.

Урматтуу замандаш! Сиз дагы Бексултандай кордук көрүп жаткан баланы көчөдөн көрөсүзбү, коомдук таранспорттонбу же базарданбы же жанында жашап, көз жумуп келдиңизби, ачык айтып, өмүрүн сактап калгыла. Соопчулук кыласыз. Чоочун балдар болбойт.

“Бакпаса бала кетет, карабаса катын кетет” дегендей, бага албаган ата-энеге кор болгончо зар болгон адамдарда чоңоюшса, адам өмүрүн сактап калаар элек. “Кыргызстандагы бөбөктөрдүн 57%ы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылат” деп ЮНИСЕФ уюму билдирди. Демек, кызыл сызык кооптуу чектен чыгып кеткенибиздин далили. Кордукту балдар үйлөрүнөн, жакын адамдарынан көрүшөт. Жабыркагандардын 10%ы чоочун адамдардан кордолгондор. Демек, үйдө зөөкүр болбойлу. “Орозкулдай зулумдуктун символу болбоюн” деп акыл токтотуп, сабырдуу бололу. “Азыр ур-токмок менен сабалып, тарбияланып жаткан балдар ашып түшкөн ташбоордук менен ата-энесине кол көтөрбөй койбойт” деп эч ким кепилдик бере албайт.

Гүлмира УМЕТАЛИЕВА

Булак: Азия Ньюс 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: