Menu

Боюнда бар аялдарга “ичпе” деп эскерткенден көрө, ичкич аялдарга “эркектер менен жатпагыла” деп эскертиш керек

Бөлүшүү:

Күйөөсү кандай болору көп жагынан аялына байланыштуу.

(Эразм Роттердамский)

Адамдардын дээрлик баары кул, себеби, алар “жок” деген сөздү айта алышпайт.

(Шамфор)

Согуш – бул акция сыяктуу, анын натыйжасында бири-бирин тааныган жана бири-бирин өлтүрбөгөн кишилер атак-даңкка ээ болуп, пайда табышы үчүн бири-бирин тааныбыган кишилер бири-бирин өлтүрүшөт.

(Поль Валери)

Келесоолорду мактагандар аларга аябагандай чоң зыян келтиришет.

(Демокрит)

Этикет – бул оозуңду ачпай туруп эстөө.

(Бриджит Бардо)

Адам кандай тагдырга туш болсо, ал ошого татыктуу.

(Жан-Поль Сартр)

Адамдарды бузса болоруна ишенгенине караганда, шайтан жеткен оптимист окшойт.

(Карл Краус)

Рух өлбөйт дегенди өлгөндөргө кайгырып отургандар ойлоп табышкан.

(Гюстав Флобер)

Рекламадагы кыздар “акылдуу, сулуу көрүнөйүн десең “Loreal Paris” кирпик боёгун сатып ал” дешет. Акылдуу болуп көрүнүш үчүн китеп окуш керек, китеп!

(Павел Воля)

Эгер менин жанымда жалаң жакын, кымбат адамдарым отурган болсо, демек, мен үйдө экенмин.

(Анжелина Жоли)

Үнсүз кино жок болуп кеткени өкүнүчтүү. Аялдар оозун ачканын көрүп, бирок, үнүн укпаган кандай ырахат эле!

(Чарли Чаплин)

Боюнда бар аялдарга “ичпе” деп эскерткенден көрө, ичкич аялдарга “эркектер менен жатпагыла” деп эскертиш керек.

(Джордж Карлин)

Демалыш күндөрүн жаман көрөм. Каминдин жанына, термелгич креслого отуруп алып бир чыны кофе ичейин десең эле үйүңдө каминиң да, кофең да, термелгич креслоң да жок болуп чыгат.

(Рената Литвинова)

Эч кандай киши өлтүрүү болбой турган коомду куруш үчүн бир-эки адамды өлтүрүш керек болот.

(Джордж Гордон Байрон)

Карылар үйү – бул күтүү залы.

(Лопе де Вега)

Чыныгы ойлор унчукпоодон жаралат.

(Айрис Мердок)

Жамандык баа берүүгө муктаж эмес.

(Никколо Макиавелли)

Биздин муунду дайыма сындагандар аны ким тарбиялап өстүргөнүн унутуп коюшкан өңдөнөт.

(Эльдар Рязанов)

Эгер бутуңдагы кишенди үзө албасаң, ага карап түкүр, балким дат басып кеткиси бардыр.

(Фазиль Искендер)

Упа-эндигиңерди кандай чебер колдонсоңор, мээңерди да ошондой чебердик менен колдонгонго үйрөнгүлө, балким ошондо силерге упа-эндиктин кереги деле жок болуп калар.

(Софи Лорен)

Хаос дайыма тартипти жеңип чыгат, себеби, ал жакшы уюштурулган.

(Терри Пратчетт)

Ушундай бир аялдар бар – желкеңе пальто илгичти кагып коёт да, анан “жаштыгымды сага бергем” дейт.

(Эмил Кроткий)

Биз “Кудайга ишенели” десек, өтө эле акылдуубуз, өзүбүзгө ишенели десек, өтө эле алсызбыз.

(Александр Блок)

Эмне, мен коомдук транспортто жүрүп, өз өмүрүмдү коркунучка калтырышымды каалап атасыңарбы?

(Ольга Хитрова, “Единая Россия” фракциясынан депутат)

Даярдаган  Мамат САБЫРОВ

Булак: “Азия Ньюс”   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: