Menu

Баткенде жол кырсыгынан

Бөлүшүү:

БАТКЕНДЕ ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН ЖКНЫН ЭКС ■ ДЕПУТАТЫ ЖУСУБАЛЫ ИСАЕВ

Үч күн мурун республика боюнча калың туман каптап, анын кесепетинен бир катар жол кырсыктары орун алды. Тилекке каршы андай жол кырсыктары адам өмүрүнүн кыйылышы менен коштолду. Ош—Баткен—Исфана жолунун 290-чакырымында, Лейлек районунун Рават айылында 18-февралга караган түнү саат 00:20 чамасында Исфана шаарынын тургуну Э.Д.нын башкаруусундагы «Рендж Ровер» үлгүсүндөгү машина жолдун четинде токтоп турган «КамАЗды» сүзүп алган. Анын кесепетинен Жогорку Кеңештин (КСДП) мурдагы депутаты Ж.Исаев ооруканага жетпей каза болгон. Кырсыктан жаракат алган 1968-жылы туулган А.Рахат Баткен облустук аймактык ооруканасынын травматология бөлүмүнө жеткирилди. Жол тандабастын айдоочусу тумандан улам башкаруусун жоготкон. Ал эми унаанын ай­доочусу жабыр тартпагандыгы айтылууда.

Экс-депутат 1955-жылы 10-февралда Тажикстанда туулган. Улуту кыргыз. 1980-жылы Фрунзе Поли­тех окуу жайын бүтүп, жол салуу тармагында ар кыл жооптуу кызматтарда иштеген. 1993-2010-жылдары АО ”Ак-Тилекти” жетектеген. 2010-2015-жылдары КСДПдан Жогорку Кеңешке депутат болгон. Ал КРнын президентинин Ардак граммотасынын, КРнын эмгек сиңирген курулушчусу наамынын ээси болгон.

Жусубали Исаевдин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Жакындарына көңүл айтабыз.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: