Menu

Өзбекстан: түрмөдө бир күндө жапырт кыйноо болгону айтылууда

Бөлүшүү:

Кашкадарыя облусунун Касан районундагы колонияда жазасын өтөп жаткандар 4-январда кызматкерлер тарабынан сабалып, кыйноого кабылган. Бул тууралуу алардын туугандары билдиришүүдө.

Маалыматтарга караганда, түрмөдөгүлөр уурулук, карактоо, бейбаштык үчүн эркинен ажыратылган.

Өзбекстан ИИМинин Жазаларды аткаруу башкармалыгынын өкүлү кыйноо болгону тууралуу маалыматтарды четке какты.

Абакта уурулук үчүн отурган Фаррух Собиров менен Самандар Ориповдун эжеси аларды көрүп чыкканын, абалдары оор экенин билдирди.

– Алардын жылуу кийими жок экен. Баштары жарылган, денелери көгөргөн. Инилеримдин айтымында, 4-январда түрмө кызматкерлери 30 кишини кечки саат 7де изоляторго камап, жылаңачтантып, бир күн бою суукта аларды кордошуптур, – деди ал.

Абакта жапырт сабоо болгону тууралуу маалымат тарагандан кийин 12-январда колониядагы ондой кишинин туугандары Ташкенттен Кашкадарыяга барышкан. Алар прокуратурага арыз менен кайрылышты.

Жазаларды аткаруу башкармалыгы азырынча камактагылардын туугандарынан арыз түшпөгөнүн билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: