Menu

Элчиликтин ишин билбесе…

Бөлүшүү:

Кимдер гана Кыргызстандын атынан элчи болгон жок. Кезинде Роза Отунбаева деле Америкада элчиликтин камчысын колго алып, далай саясий упай топтогонго жетишкен. Кийин ошол ыргагынын күүсү менен бийликтин “чебине” сокку ургандарга кошулуп Убактылуу өкмөттүн башчылыгына чейин көкөлөгөн. Бакиевдин убагында Замира Сыдыкова дагы АКШнын чайын ичип элчилик кызматты аркалады. Качкан ажонун үкаси Марат Бакиев болсо Германияда билермандык кылган. Тилинен шамал ызылдаган Ташбоо Жумагулов да элчиликтин тактысына чала-була отуруп калды. Азыр оппозициямын деп жүргөндөрдүн көбү элчиликтен агарып, көгөргөндөр.

Балапан кезден “Ата Мекендин” кетменин чапкан Кылычбек Султановдун ити чөп жегенден тайбады. Кеткен ажого лидери тараптан импичмент жарыяланганда Малайзиядан чуркап келген Кыкеңди кайра эле элчиликке дайындап жибергендери ар кандай ойго чулгады коомчулукту. Ибрагим Жунусов Туркияда дурус иштегендиги үчүн ордунда отурган кези. Эгерде чийкилигин көрсөтсө чуңкурга күп дей түшмөк. Он жылдан ашуун өмүрүн элчилик кызматка арнаган Жусуп Шариповичтин салымы опол тоодой дегенге неге болбосун? Аны бийлик башчылары бекерден Украинага элчи кылбаса керек? Анткени бул өлкөдө кыйладан бери элди санаага салган тирешүүлөр өкүм сүрүүдө. Биздин миңдеген боордошторубузду батырган мамлекеттин ичинде иш жүргүзүү оңой эместир? Ошондуктан Жусуп мырзаны элчиликке ылайык көрүшкөн окшобойбу? Негизи тажрыйбалуу адам абалды бир калыпта кармап турууга колдо болгон дараметин чегерет деген ишенимдебиз.

Булак: Ачык сөз

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: