Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 20-21-февралда жумушчу сапар менен Баткен облусунда болду.
Сапарынын алгачкы күнү Мамлекет башчысы Лейлек районунун, Исфана жана Сүлүктү шаарларынын тургундары менен жолугушту. Лейлек районундагы Исфана шаарындагы Мамлекттик чек ара кызматынын кызматкерлери үчүн курулган турак жайдын ачылышына катышты. Ошондой эле Баткен шаарындагы биофабрикада болду.
Бүгүн, 21-февралда Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен районунун жана Баткен шаарынын тургундары менен жолугушту. Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууларда жергиликтүү тургундар чек арага канатташ калктуу пункттарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү жакшыртуунун актуалдуу маселелерин козгоп, Президенттен, жумушчу сапарга катышкан министрлерден, ведомстволордун жетекчилеринен жооп алышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ