Menu

Казакстандын түштүгүндө 135 бала ВИЧ илдетине кабылганын билди

Бөлүшүү:

2017-жылы Түштүк-Казакстан облусунда ВИЧ жуктурган 135 бала оорулуу экенин билди. Бул тууралуу журналисттерге “Эне жана бала” реаблитациялык борборунун башкы дарыгери Бакытжан Шакенов маалымдады.

Шакеновдун айтымында, балдарга ВИЧ-статусу тууралуу өкмөттүк эмес уюмдардын көмөгү менен маалымат берилет.

— Баланын макамын 11-12 жашында ачыкка чыгарган туура болот. Буга ата-энесинин уруксаты керек. 2018-жылы ВИЧ жуктурган дагы 45 баланын макамын ачыкка чыгаруу пландалууда. Биз илдети тууралуу билген балдар менен иштейбиз. Ата-энелери менен байланышта болуп, бул макам менен жашоого көнүүгө жардам беребиз, — дейт Шакенов.

Башкы дарыгердин айтымында, учурда облуста ВИЧ илдети менен 242 бала каттоодо турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: