Menu

Тажикстанда билим министрин орусча жакшы билбегени үчүн иштен кетирүүнү сунушташууда

Бөлүшүү:

Тажикстанда социалдык түйүндүн колдонуучулары билим берүү жана илим министри Нуриддин Саидди кызматтан алууну сунушташууда.

Күн мурун билим министри катышкан маалымат жыйыны тууралуу сюжет социалдык түйүндөргө тараган. Материалда чиновник журналистке орусча начар жооп бергенин көрүүгө болот. Буга байланыштуу Интернет колдонуучулары аны отставкага кетирүүнү демилгелешүүдө.

Бул арада мамлекеттик кызматкер тажик тилин жакшы билиши керек жана бөтөн тилде “сайроого” милдеттүү эмес дегендер дагы бар.

Нуриддин Саид өзүн орусча жакшы билем деп санайт. “ Мен, албетте, Толстой же Солженицын эмесмин, бирок орусчаны жакшы билем. Мен ушул тилде сүйлөп, өкмөттүн атынан жыйындарда, конференцияларда талкуу жүргүзүп келем. Мен 2 доктор, 8 илимдин кандидатын даярдадым. Ушундан кийин дагы мени орусча жакшы билбейт деп күнөөлөп жатышабы? Ооба, акцентим бар, бирок бул көбүнө мүнөздүү”, -деди министр.

Аткаминер өзүнүн дарегине айтылган сын пикирди “бедел түшүрүү кампаниясы” деп атады. “Министрдин кадыр-баркын кетирүү – бул бийликтин беделин түшүрүү аракети”, – деди ал.

Тажикстанда орус тили мамлекеттик макамга ээ эмес, бирок ал улут аралык сүйлөшүүнүн каражаты болуп эсептелет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: