Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева абакта ачкачылык кармап жаткан саясатчы Бектур Асанов менен жолугуп, ал-абалын сурап чыкты. «Бектур Асанов өзү жакшы көрүнгөнү менен ден соолугу начар эле. Мен барганда мага «тамак ичпегенибизге 22 күн болду» деп айтты. Өзү духу бекем, «мен бекеммин» дегендей түр көрсөттү. Бирок мен тааныган Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров сыяктуу жигиттердин саламаттыгы начарлап келатканы жүрөктү оорутту. Биздин демократия жолубузда Бектур Асановдун ролу өзгөчө жогору. Бектур Акаевдин заманында жаш депутат болчу. Кийин 2004-2005-жылы оппозициялык кыймылдын ичинде аны менен бирге иштешип калдык. Эсимде, 2005-жылы 5-мартта Жалал-Абад облустук администрациясынын жанына Өмүрбек Текебаев, Дооронбек Садырбаев болуп барганбыз. Ошол жерде Бектур миңдеген адамдарды башкарып туруптур. Жалал-Абад анда ошол кездеги бийликке каршы чыккан эле. Бектур Асанов 2010-жылы Жалал-Абадга губернатор болбодубу. Абдан оор мезгилде ошол жерде иштеди эле. Бектурдун демократияга кошкон салымын өтө жогору баалайм. Азыркы бийликте отургандардын бирөө да Бектурдун эмгегине тете боло албайт» деп белгиледи «Азаттыка» берген маегинде.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ