21-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында «Ата Мекен» фракциясынан депутат Аида Салянова эл өкүлдөрүнө коштошуу сөзүн айтты: «Биздин Башмыйзамыбызда Кыргыз мамлекети укуктук, демократиялык мамлекет деп жазылган. Көз карандысыз сот болбосо, бул жөн гана кыял катары кала берет. Сот реформасы канча алдыга жылса, мамлекет ошончо өнүгөт. Бул коррупциялашкан, өз позициясы жок соттор менен өлкөнүн келечеги жок. Биринчиден, мыйзам, экинчиден, күбөлөрдүн баардыгы мен тарапта болгонуна карабай, сот укуктук эмес, саясый, адилетсиз чечим чыгарды. Саясат менен мыйзамдын ортосунда тандоо болуп жатса, сот сөзсүз түрдө мыйзамды тандаш керек. Ал андай чечимден коркпош керек. Бүгүнкү күнү сот системи түп-тамыры менен чиригени көрүнүп калды. Айылда, шаарда өч алам деген бийлиги, байлыгы бар адамдар толтура. Алар да көптөгөн адамдардын убалына калып жатышат. Бүгүнкү күнү башкы прокуратура, сот жана УКМК биригип иш алып барууда. Мен башпрокурор болуп турганда ар бир орган өзүнүн иштерин аткарчу. Бүгүнкү күнү сот системи менен башкы прокуратура биригип, саясый бандитизмге айланды».
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ