Menu

Рита Сулайманова, “Жаңы Мезгил” партиясынын лидери: «Катарыбызды демилгелүү жаштар менен толуктап жатабыз»

Бөлүшүү:

Ошентип жаңырган жылдын эки айын кемитүүгө бүткүл аракетибизди чегердик. Анткени менен кыштын оорчулугу кыйла түйшүктөргө дуушар кылды. Январь айынын аягында катуу суук болуп элдин эркин сыноого бет алды. Бирок, сабырдуулукту, кайраттуулукту бек кармаган элибиздин эркин майтара албады. Чынында мындан оор күндөрдө деле кыргыздын кылы кыйшайган эмес. Ошондуктан майышпай ар ким өз оокатын жасап, анчалык мүгдүрөгөн жок.

Катарыбыз миңдеген мүчөлөрүбүз менен камтылган карапайым элдин партиясы күндөн-күнгө жакшылыктан күдөр үзбөй аракетин өргө карай багыттоодо. Акыркы мезгилде биздин партиянын сабына демилгелүү жаштар келип толуктаганы кубанычтуу. Чамасы аларды келечектүү программабыз өзүнө тартып жатса керек. Саясат менен алпурушпай мамлекетибиз менен бирдикте элдин турмушун оңдоого багыт алганыбыздын өзү мезгил талабы. Буйруса жерибизди толук кандуу чечип алсак муктаж болгон адамдардын өктөөсүн орундатууну колго алмакпыз. Эми ал күндөр деле анча алыс эместигине ынаным бар.

Биринчи кезекте өтө зарыгып тургандарды турак-жай менен камсыздоону ишке ашырууну көздөгөн кезибиз. Анткени үстүндө үйү болгонду көп жылдап күткөн мекендештерибиз жок эмес. Алардын талабын жүзөгө ашыруу албетте оңойго турбайт. Ошентсе да алдын-ала кандай иштер менен алектенерибизди кеңешип, маанилүү маселеге көңүл бурууга сергек кароодобуз. Курулай сөз курсак тойгузбасын жон терибиз аркылуу сезген жайыбыз бар. Убагында канча жолу ширин кепке алданбадык дейсиң? Акырында андай шылуундарды арабызга кошпой, өзүбүздөн оолактатууга жан үрөдүк. Алардын айрымдары эмдигиче этегибизге эрмешип, түз жерден жаманатты кылууга жанталбастап жатышат. Тилекке каршы андай карөзгөйлөрдүн аракетинен майнап чыкпасы белгилүү.

Учурда өз каражатыбыздын эсебинен капиталдык ремонтту жүргүзүп офисибизди ишке киргизип, кенен-чонон жайгашып алдык. Мурдагыдай ар кайсы чоңдун эшигин түртпөй калганыбызга каниет кылган кезибиз. Керектүү эмеректерди, зарыл техникалык жабдыктарды да сатып алып, мезгилдин талабына ылайык жашоого бет алдык деп айтууга акылуубуз. Көрүнгөн жерге көчө берүүдөн убагында жадаганбыз. Азыр айрым партиябыз деп мактангандардын деле биздикиндей офиси жок деп койсок болот. Сөздөн ишке өтүүгө убакыт келди. Биздин катарыбызда бизнес менен байыгандар, коррупциялык жол менен атагы чыккандар жок. Жай турмуштагы эле адамдар биздин колубузду узартууга, керек кезде көмөгүн берүүгө ниетин бурушту. Эч кандай митинг, пикеттерди жасагандарга кошулбайбыз. Алардын кара пиары бизге жат көрүнүш сыяктуу десек болот. Реалдуу ишти жасоо менен гана алдыга жылууга жол ачылат эмеспи.

Эми биз кантип катаалдыктан чыгабыз деген маселеге кайрылалы. Эгерде жер менен камсыздалсак курулуш иштерин алдыга жылдыруучуларды алыстан издеп убара болбойбуз. Себеп дегенде андай курулуш иштерин жакшы билгендер өзүбүздүн эле жаныбызда жүрүшөт. Бригадаларды уюштуруп, кабат-кабат турак-жайларды курууга алардын мүмкүнчүлүгү жетет. Жол салууга, электр мамычаларын орнотуп үйлөргө жарык жеткирүүгө, таза суу менен камсыздоого баш деле оорутмак эмеспиз. Жаңыдан катарыбызга кошулган жаштардын мындай сапаттары бардыгына көзүбүз жетти. Болгону “эмгек фронтунун” жоктугу гана колду кармап турат. Мындан сырткары тигүүчүлүк цехтерди уюштуруп, бош жүргөндөргө жумуш орунун таап берүүгө аракетибиз чегерилет. Кол өнөрчүлүктү өркүндөтсөкпү деген планыбыз бар. Уузчулукту, тикмечиликти, саймачылыкты, устачылыкты эш туткандар ошондой жаркын күндү зарыгып күтүп жатканы да ырас.Эгерде жумушчу орундар түзүлсө миграцияга бөгөт коюлмак.

Жөн эле камыш басып каралбай гектарлап жаткан жерлер колго тийсе элибиздин дасторконун жашылчага, жемишке толтурат элек деген адамдарыбыз толтура. Тилекке каршы ошол бош жаткан жерлерди кызганып бербеген, ичи тар чиновниктерге тил өтпөй жатканы өкүндүрөт. Элдин көйгөйүнө көз жумгандарды балким азыркы бийлик шибеге сайып ойготоор деген ишенимдебиз. Ырасында биротоло жоон моюн болуп эч кимди тоотпой калган тың чыкмалардын таманына шиш коюуга мезгил жетти. Карапайым элдин талабын эсинен чыгарган атка минерлерди жакадан алып жерге түшүрбөсөк мурдагы ит турмушубуз улана берет. Ошондуктан козголууга учур келди деп коюну эп көрүүдөбүз.

Мамлекет менен элдин ортосундагы байланышты чыңдоого бийликтегилер да, биз да сергек карашыбыз кажет. Биздин партиянын күжүрмөн мүчөлөрү өзүнө тийиштүү төрт сотых жерге ээлик кылып, там-ташын салууга даяр. Биргелешип иштөөнүн негизи натыйжалуу болорун жакшы баамдаган соң ушул багытынан адашпоого бүткүл аракетин кыймылга келтирет. Буйруса жакшы күндөр алдыда, жакында эмгек шаңын ойготкон жаз келет. Мекенчилдик сапатыбыздан тайбай, турмуштун арабасын түз жолдо айдоого багыт алалы. Кыргызстан-бирөө, ошондуктан аны көздүн карегиндей сактоого ниетибизди буралы!

Булак: Ачык сөз

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: