Menu

Сулайман Кайыпов: “Өлүп баратса да өз атын жашырбаган, өктөм мүнөз кыргызды ушул абалга алып келген төбөлдөрүбүзгө наалат”

Бөлүшүү:

Өз өкүмүн сүрүп турган кара суук көп адамды имараттан сыртка чыкпай отурууга мажбурлады. Анын үстүнө, аптанын акыркы күндөрү эмеспи… Жылуу жерге отуруп алып, интернетти эрмектеп, кабарларды окуп-талдап, комментарийлер жазуу менен алек болуп жатышкандай сыягы.

Мен да ошолордун бири катары, суукка анчалык байымым жок, үйдө отурам. Дүйнөдө болгон нерсенин баарын аңтарып-теңтерип окуганга, аларды акыл калчап талдаганга мүмкүнчүлүк берген Кычыроон “мырзага” да    рахмат. Ал болбосо, көр тириглик менен алпурушуп жүрүп, көп нерсени укпай да, көрбөй да калмак экемин. Карабайсызбы, карп-курп кирип келген бул Кычыроон суук далай жерди өзүнүн муз чеңгелинен чыгарбай тутуп туру; жаратылыш мыйзамына каяша кылгандардын сазайын берип жатыры.

Көчөдө тоңуп турган иттерди, мышыктарды айт… Жупжука байпак менен чыгып алып, шыйрактарын суук алган ойсоке кыздарды айт. Башынан аягына чейин чүмкөнүп алып, беш тыйын таап аламбы деген илгери үмүт менен кардардан көзү өтүп, базарларда тоңуп отурган бечара кыргыз айалдарын айт. Дагы, дагы нелер бар, нелер, нелер! Кээ бирөөнүн акылга сыйбас кылыгын көрүп ачууң келсе, кээ бирөөнүн абалын көрүп жүрөгүң сыздайт.

Бирок, табият деген айкөл да, бүгүн мынтип турганы менен, эртең эле мемиреп, өткөндөгү каар-казабын унутуп, жаркырап-жайнап, жакшыга да, жаманга да мээримин төгүп берет. Адам деген табияттын бир бөлүгү болсо дагы, табиятка мунасип айкөлдүктөн кол жууп бүткөн окшобойбу.

Ушул бүгүнкү ызгаардуу күндүн жыйынтыгы мен үчүн өзгөчө болду — ”Эй, Жараткан, табияттын эмес, адамдардын дилиндеги кычыроон кыштан сакта” деп дуба кылуу керек тура деген ойго келип токтодум. Айрыкча, “Кыргыз инсанынын рухун ээлеп алган Кычыроон кыштын ызгаарынан сакта-а-а” дей турган заман келгенби деп, өкүндүм, ичимди ит талады.

Дегеним, бүгүн окуп-билген таң каларлык адиселердин ичинен мени бир окуянын баяны өзгөчө бейпайга салды. Терезенин ары жагындагы кычыраган кыш чилденин аязы шоонешпес болду. Анткени ал, жөн гана кайдыгер окуп койчу же, жактырбай жаап салып кутулчу катардагы бир кабар эмес. Анда айтылган окуя — улут үчүн, өлкө үчүн боло турган көп жагымсыз нерселердин кабарчысы, оор илдеттин симптому. Ал — өткөн жылдардагы өйдө-ылдый окуяларды, кыргыз адамынын бири-бирине кылып келген жапайыча мамилелерин эске салган, ошол обу жок жоруктардын мындан ары деле эселеп улана бере тургандыгын каңкуулап турган, түбүң түшкүр окуя.

Үстүрттөн бир караган кишиге таңданчу эч нерсе жоктой көрүнөт: УКМК бирөөлөрдү чакырып суракка алыптыр… КУУнун ректору К. Садыков белгилүү окумуштуу Ү. Култаеваны кызматтан кетириптир… “Ии, суракка алса эмне экен, суракка албай жүрдү беле? Култаева директорлуктан түшсө эмне экен, ордуна бирөө болот да” дегендер да болор. Жок, андай эмес!

Бул жөн гана күндөлүк боло жүрчү окуялардан болсо, мен деле көңүл бурмак эмесмин. Бул окуяда, барып-келип, кыргыз интеллигенциясынын, илиминин, билим берүү системасынын, керек болсо, кыргыз жетекчилеринин кыргыз адамына жасаган мамилесинин бүгүнкү абалы бар; анын мындан ары кандай болорун көрсөтүп турган сокуртоом, элес-булас издер да бар. Бул окуя — көп аспекттүү, көп катмардуу, саясат менен да чырмалышкан, чалкеш окуя.

Мындайда, кимдир бирөөгө жакпай калбайын деп, пысып отурган киши киши эмес; андай неме жаран болуп жарытпайт. Ооба, өз оюн жашырбай айтсам, туура жолго түшсөк деп талпынгандар да арбын экен. Электрондук мейкиндик тим эле талкуу аренасына айлангандай болду. Айрым жалданмалар эле болбосо, баары эле чынын чындай, калпын калптай көрүп турат, ашкере айтып турат. Бирок, аттарын жашырып, же лакап ат коюп алып жазып жаткандарын көргөндө, бир чети, боорум ооруду. Сурак берип калбайын деп сактанып жатышканы го деп калдым.

Анан мен, өлүп баратса да өз атын жашырбаган, өктөм мүнөз кыргызды ушул абалга алып келген кийинки 25 жыл ичиндеги төбөлдөрүбүзгө наалат айттым. Айттым да, өз атымды кашкайта коюп туруп, өзүм билген чындыктардын баарын эмес, чет-жакасын, жекече пикиримди ачык-айкын жазайын деген чечимге келдим. Тууралыкты табууга, акыйкатты таанууга ушул менин жазгандарым бир огожо болоор бекен деген илгери үмүт менен чиймелөөгө кириштим. Айтпасам, ичимде калса, менин илимпоздугум кайсы дедим. Объективдүү чындыкты туу туткан кесипти алтымыш жыл бою аркалап жүргөнүм кайсы деп ойлодум. Ооба, маселенин түпкүрүндө так талаштан чыккан чыр турат. Астырттан жасалып жаткан жагымпоздук бар… Ак жерден күйгөн адистин тагдыры бар… Ирети менен иргеп айтсам, момундай:

Маселенин чордону баягы эле, Кудай жалгап тынч өтсө да, алиге чейин деми сууй элек Президенттик шайлоодо жатат. Алгач, шайлоо деген компаниянын табиятын эстен чыгарбоо керек ко дейм. Шайлоо деген — жарыш, ага чыккан киши атаандаштарын утам деп чыгат. Атаандашынан озуп чыгуу үчүн бардык күчүн, айла-амалын, акылын колдонот. Мыйзам чегинде бардык нерселер жасалат. Мыйзамда жок деген менен, жолун таап бирин-бири каралоого да өтүшөт. Кээде апачык эле, беттен алмай ыкмасы орун алат. Бири бир нерсе жасаса, экинчиси ага андан бетер кылып жооп берет. Бүткүл дүйнөдө ошондой болуп келе жатпайбы. Таймаштын табияты ошол, талабы ошол тура.

Акырында күчтүүсү жеңип кетет да, анын жеңгендигин жеңилгендери кабыл алат. Жеңгени, эгерде акылы балык жан болсо, жеңилгендин да мыкты жактарын эске алат. Өзү менен теңтайлашкан, бой ченешкен күчтү эч кордобойт. Мына ошондой эл өнүгөт. Орто Азияда мына ушундай айкөлдүккө эң жакын эл — биз, кыргыздарбыз. Биздин эстутумубузда Манас менен Алмамбеттин достугу бар. Аны бабаларыбыз бекерден кылымдап айтып келген эмес да. Алмамбет шайлоодогу атаандаш мындай турсун, ал элиңди кырып-жоём, жоготом деген сөөк өчтү душманынын канынан бүткөн баласы эмеспи. Айкөлдүктүн бир өрнөгү мына ушул. Сөз болуп жаткан окуяга келчү болсок, бул жерде, шайлоого катышкандар, уткан жана утулган кишилер босогонун ары жагында калып эле, ортодогу жасакерлер, жагымпоздор, так төргө өтүп алышып, адаттарынча, жан тарткандай көрүнөлү деп, өздөрү билген саясаттарын жүргүзүп жатышабы дейм. Комментарийлердин ичинде Президенттин өзүн түздөн-түз күнөөлөгөндөр да болуп жатат. Бирок, ал кишинин УКМКга ушинткиле деп тапшырма берээрине ким ишенет? Мен эч качан ишенбейм. Ушунун баары жөн эле, жагымпоздордун ыпылас иши экени көп узабай билинет ко деп ойлойм.

Окуянын Ө. Бабановдун аты менен байланыштырылып жатканы да өзүнчө кызык. Адегенде анын Отуз-Адырдагы сөзүнө келсек, мен башка өлкөдө жашагандыгым үчүн, ал жөнүндө бир нерселер уксам да, өз кулагым менен тыңдап, туура-натуура жактарын таразалаганга мүмкүнчүлүгүм болгон эмес. Технология деген керемет-oв, бүгүн атайын издеп таап, дыкаттык менен тыңдадым. Электрондук талаада анын сөзүнүн эки варианты кыдырып жүрүптүр. Бирөөнү толук, кандай болсо, ошондой тартылып алынган варианты десе болот. Экинчиси бир жарандын комментарийлери менен коштолуп, белгилүү максатка ылайык түзүлгөн цитаталар тизмеги экен. Менин колума алгач, ошол кыскартылган варианты тийди. Угуп бүткөнүмдө, заманам куурулбай койгон жок. Каргашалуу Ош окуялары ар бир кыргыздын жүрөгүндөгү бүтпөс жараат эмеспи. Далай жаман сөздөр тилимдин учуна келип турду. Толук вариантын угайын деген ниетим да калбады. Бирок, монтаж деп жаткандары ушу бейм, адилеттик үчүн толугун да тыңшап коёюн деп чечтим. Угуп отурсам, чынында эле, сөздүн контексти башка экен. Президент болом деген киши, анчалык кайраштырууга бармак беле — кайраштырбаптыр. Көбүрөөк добуш алам деп жатып, напис-балээ, ошол кездеги президенттин сүйлөгөн сөздөрүнөн эсинде калган бир туруктуу сөз айкашын келегейирээк бычында колдонуптур. Ошол экен.

Бирок, акыйкаттык үчүн айтып коюш керек, Бабанов сүттөн акпы десеңиз, албетте, жок деп жооп берем. Анткени, ал атайылап, карасанатайлык менен кайраштырбаптыр, бирок саясатчы катары, кынтыксыз, буруп кетүүгө мүмкүн болбогон, накта лидердин сөзүн сүйлөй албаптыр. Каалаган киши анын айрым айткан сөздөрүн контексттен ажыратып алып, кайра өзүнө каршы колдонуусуна мүмкүнчүлүк берип коюптур. Мындай мүмкүнчүлүктү берүүгө эч акысы жок эле. Ал трибунага чыккан киши, болгондо да, эртең өлкө башкарам деген саясатчы, кайсы жерде, кайсы сөздү колдонуп, кайсы сөздү колдонбоо керектигин билиши керек болучу. Президент болом деген кишинин бир сөздү эмес, бир тыбышты да артыкбаш же кем чыгарууга акысы жок экенин билиши керек эле. Импровизациялап, оозуна келгенди сүйлөй берген биздин саясатчылардын ар биринен мындан жаман мисалдарды каалаганча тапса болот дечи, бирок ал өзүнчө сөз.

Азыркы күндү айтсак, так талаш, таймаш бүттү — эң күчтүүсү утуп чыкты. Башка талапкерлерди сүрөгөндөр да, ошол талапкерлердин өздөрү да баш болуп, уткан кишинин алдын торобошу керек кo. Цивилизациялуу дүйнөдө ошондой эмеспи. Бул жагынан алганда, Бабановдун саясый этикага шайкеш кадам таштаган жерлери да бар экен — ал жеңилгенин мойнуна алып, ал турсун куттук сөзүн айткан тура. Бизде, демейде, кадимки эле алгачкы коомдогудай: утканы утулганын жектей берет, утулганы утканды кантип чалып чыксам деген планын түзүп жүрө берет эмеспи. Бул илдеттен кутулмайынча, биздин коом артка кетсе кетет, эгерим алга жылбайт. Бизге окшогон сан жагынан анча көп эмес эл үчүн бул бир апаат экенин түшүнчү мезгил келди.

Канат Садыковдун ишмердиги боюнча да пикиримди ачык-айкын айта кетейин. Бул окуянын негизги эки каарманынын бири ошол болуп жатпайбы. Ал экөөбүз кесиптешпиз. Экөөбүздүн тең кандидаттык диссертацияларыбыз “Эр Төштүк” эпосу жөнүндө жазылган. Бирок ал, кийин фольклорчулук кесибин уланткан жок, сыягы. “Мата даңкы менен бөз өтөт, Ата даңкы менен кыз өтөт” дегендей, жакшы атанын баласы жаман болбойт деген пикир аны кыйла эле жерге көкөлөтүп алып барды. Бакиевге жакты бейм, министр болду; кийин Отунбаева, Атамбаевдерге деле жакты көрүнөт — министрлигин улантты. Эми да Ак үйдүн кишиси деген зоболо менен КУУнин ректору болуп отурат.

Ачыгын айтайын, Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын азыркыдай кыйрап турушуна К. Садыковдун кошкон “салымы” ат көтөргүс. Демейде, кайсы бир кишинин келинчегинин, кайсы бир жылдардын бир жылдарында, кайсы бир фирмага саткан кайсы бир машинасынын кайсы бир жолдор менен күйөөсү иштеген мекемеге сатылып алынганын таап чыккан көрөгөч прокурорлор К. Садыковго калганда эле төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок болуп калышат. Таянган тоосу бийиктерге тиштери өтпөйбү же… Бирок, азыркысы азыркы, айтылчу кептин баары кийин сөзсүз айтылат. Айрымдары күнү-күнү келгенде сот залында талкууга түшөт. Бул маселелер эч эскирбейт. Ошондо мен күбө катары болсо да катышам го деп ойлойм. Калган сөздү ошондо толугу менен айтып берейин деген ниетим бар.

СДПК бул жигитти кайсы жыргаткан ишмердиги үчүн тайраңдатып, ал креслодон бул креслого отургузуп жүрөт, анысын таптакыр түшүнө албадым. Баягы эле, мындан 25 жыл мурда бир былжыраган неменин орнотуп кеткен “наш человек, не наш человек” деген схемасы кынтыксыз иштеп жата бейм. Башка себеп болушу мүмкүн эмес. Ак үйгө артын таяп алган соң, каалаганын кыла берсе болот деп ойлоп жатса керек. Ушул сөздөрдү жазыш үчүн ар кайсы материалдарды карап жатып, анын азыркы күндөгү кадрдык, финансылык жактан жасап жаткан ыпыластыктары жөнүндөгү маалыматтарды окуп таң калдым. Мамлекеттик көзөмөл деген бизде калбай калган турбайбы деген да ойго кеттим.

Үмүт Култаева боюнча да пикиримди билдирип койгонум дурус болор. Кытмырлык-интригандык-жасакерлик саясаттын көрүнүктүү курманы Үмүт айым болуп жатпайбы. Ү. Култаеваны мен 1991-жылдан бери тааныйм. Адабият, тил, педагогика — үч илимди айкалыштыра алып жүргөн, 6 томдук эмгек жазган, кыргыздын күжүрмөн окумуштуу кызы. Көп жаштарды тарбиялап өстүргөн тарбиячы, таанымал лектор, илимдин доктору. Кафедра башчылыгынан тартып, директор, декен, проректорлукка чейинки жетекчилик кызматтарды аркалаган тажрыйбалуу жетекчи, уюштуруучу. Эл аралык аренада да таанымал, барган жеринде кыргыз өлкөсүн уятка калтырбаган, ар-намыстуу жаран. Эми ушундай адистин эмне иштеп, эмне коёорун кандай неме аныктап жатат? Өзүңүздөр менсиз эле жыйынтык чыгарып аласыздар го деп ойлойм.

Кыргызстан тез аранын ичинде бул жаңылыш жолдон чыгышы керек. Татыксыз немелер Ак үйдүн колдоосу менен жетекчиликке келип алып, татыктуу адистерди кор тутуп, мазактап турганы кандай? Айдакталган бирөөлөр Култаеванын жашына да асылып жатат. АКШнын Презденттигине ат салышкан Клинтон айым канча жашта эле? Бакиевдин карындашы деп жатат, чындыгында, кайнаса каны кошулбайт. Кошулса да эмне экен, анын кандай тийешеси бар бул ишке, биле албадым. Баары саясатташып бүтүп, уят-сыйыт деген калбай бара жаткан экен деп калдым.

Сөзүмдүн акырында, жыйынтык катары айтарым, КУУин баш кылып, өлкөнүн кыйратылган билим берүү системасын бала бакчалардан тартып, университеттерге чейин кайрадан карап, жараганын сактоо, жарабаганын жаңылоо жолу менен тез аранын ичинде туура жолго коюп чыгуу эң зарыл. Өлкөбүздүн билим берүү жана илимди өнүктүрүү жагынан иштелип чыгылган, узак мөөнөткө эсептелген, Кыргызстандын кызыкчылыгына ылайык чыныгы стратегиясы али жок. Бар дебегиле, жок! Билим берүүнүн кыйраганы — өлкөнүн кыйраганы деген кеп.

Билим берүү системасын, биринчи иретте, жанбакты, мите, жагымпоз, компетентсиз жетекчилерден арылтуу кажет. Принциптүү, коррупциядан алыс, билим берүү системасын жакшы билген жана аны саясатташтырбаган, кесипкөй, мекенчил адамдардын жолун ачуу зарыл. Андай адистерден Кыргызстандын колу куру эмес. Билимсиз адамдар, арабөк университеттер, алардын жагымпоз жетекчилери менен “Таза коом” кура албайсыз, Сапар мырза! Жер-жерлерди өнүктүрүүнүн “жети багыты” мындай турсун, бир багытын да сактап калууга мүмкүн болбой калат, Урматтуу Президент!

Сөздүн ачыгы ушул. Бетке айткан сөздөн заар издебешиңерди өтүнөм. УКМКга сурак берейин деген ниетим жок.

Сулайман Кайыпов, Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жагынан Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Эл аралык Сократ сыйлыгынын лауреаты, Европа Ректорлор Клубунун мүчөсү, филология илимдеринин кандидаты, тарых илимдеринин доктору, профессор.

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: